Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

ООГАНСТАНДАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Соңку мезгилде Ооганстанда өкмөткө жана өлкөдө жайгаштырылган чет өлкөлүк аскерлерге каршы чабуулдар көбөйдү. Акыркы эки жылда андай чабуулдар басаңдап калган жана айрым эксперттердин пикиринде, абалдын курчушуна Батыш мамлекеттеринин стратегиялык каталары дагы себеп болду.

Акыркы күндөрдө Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар жана Гелманд провинцияларында куралдуу кагылышуулар күчөдү, бир аптанын ичинде бардыгы болуп эки жүз элүүдөн ашык адам набыт кетти, алардын ичинде бир канадалык, бир америкалык жана дагы эки франциялык жаран бар. Акыркы эки жылда бир нече күндүн ичиндеги чыгаша мынчага жеткен эмес.

16-май күнү өкмөттүк аскерлер жана өлкөдөгү америкалык күчтөр Кандагар провинциясында жашынган лашкерлерге каршы ири чабуул баштаган, 22-май күнү болсо эл аралык аскерлер Панжваи деген аймакты оор бомбалоого алгандан 16 карапайым адам дагы курман болду.

Айрым эксперттер бул салгылашууларды жаз келгенден кийин кагылышуулар дайым күчөгөнү менен түшүндүрүүдө жана өкмөттүк күчтөргө кол салгандарды талибдердин калдыктары же нео-талибдер деп да атайт. Бирок НАТО уюмунун аскерий башчысы, америкалык генерал Жеймс Жонстун айтымында, талибдерден башка коркунучтар да көп: "Менин оюмча, Ооганстанга азыр Талибан же 'ал-Каиданын' кайтып келгени жөнүндө эмес, башка нерселер тууралуу сөз кылыш керек. Мени - баңги заттарынын улам көп өндүрүлүп жактаны өтө тынчсыздандырат, андан түшкөн пайда өлкөнүн дүң өндүрүшүнүн жарымынан көбүн түзөт. Бул өтө чөң маселе жана андан түзүлгөн коркунуч да өтө олуттуу", - дейт генерал Жонс.

Айрым эксперттердин айтымында, кээ бир куралдуу кагылышуулар ошондой наркотик өндүрүү менен байланышкан күчтөрдүн аракеттери менен байланыштуу жана бардык эле лашкерлерди талибдердин калдыктары деп атай берген туура эмес.

Британиялык "Обсервер" гезитинин баяндамачысы Жейсон Бөркенин пикиринде, Ооганстанды бийлеген Талибанга каршы 2001-жылы согуш баштагандан кийин батыш мамлекеттери олуттуу ката кетирди, анткени алар негизинен борбор калаа Кабул шаарын жана анын айланасын гана ээлеп, өлкөнүн башка аймактарын дароо көзөмөлгө алган жок. Натыйжада төрт жылдын ичинде талибдердин калдыктары дагы кайрадан күч топтоп, эл арасында жаңы куралдуу түзүлүштөр да пайда болду.

Андан тышкары, сырттан келген лашкерлердин саны дагы акыркы мезгилде көбөйдү. Бөркенин айтымында, "ал-Каида" уюмунун жетекчилери азыр Ооганстандан чыгып кеткен, бирок аларга баш ийген куралдуу топтордун арасында өзбектер менен тажиктер көп. Мындай топтор мурда тоолордо жашынып, өкмөттүк күчтөргө кол салып, кайра тоого качып кетип жүргөн болсо, акыркы мезгилде алар ири топторго бириге баштады жана кээде кадимки аскерий салгылашуулар жүрүп жатат, муну ири өзгөрүү деп эсептесе болот:

"Акыркы өзгөрүүлөр уникалдуу нерсе. Алар мурда өз күчтөрүн бир жерге мыняалык көп топтогон эмес жана бир салгылашууда мынчалык чыгашага жетчү эмес. Алардын чабуулдары азыр жакшы уюшулуп калды жана алар кадимки согуш ыкмаларын колдонууда", - дейт Ооаганстандын ички иштер министрилигин мурдагы кызматкери Литфулла Машал.

XS
SM
MD
LG