БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын жаш саясатчыларынын форуму өткөрүлөт. Анда жаш саясатчылар “Реформа үчүн” кыймылы өткөрүүчү 27-майдагы митингке кошулушаарын билдиришет. Ошондой эле өткөн ишембиде HIPC программасына Кыргызстандын киришине каршы кол топтоо акциясынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, аталган программа боюнча өз көз караштары тууралуу президентке кайрылуу жолдошот.