Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:45

Жерүй алтын кенинен чыккан маселеден депутаттар коррупция издеп жатышат


26-майда Жогорку Кеңеш Жерүй алтын кени боюнча маселени карады. Ага өкмөт башчы Феликс Кулов катышты. Бир катар депутаттар Жерүй кенин «Глобал голд» компаниясына тендерсиз берилгенине кескин каршылык билдирип, бул жерде коррупция жатканын белгилешти. Өкмөт башчы тендер өткөрүүгө Жерүй кенинин айланасындагы мурдагы юридикалык чатактар себеп болгонун билдирди. Бирок ал депутаттарды ынандырган жок. Жерүй кени мурдагы бийлик учурунда «Оксус голд» компаниясына берилип, бирок ошол эле Танаевдин өкмөтү тарабынан лицензиясы кайра алынган.

XS
SM
MD
LG