Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:41

КӨЗДӨН УЧКАН АВТОБУС


Бүгүнкү кыргыз гезиттериндеги негизги тема Бишкектеги маршруттук автобустардын иш таштоосу, «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун элден кечирим сурап, ыңкылаптын экинчи айлампасын убада кылганы болду окшойт. Ыңкылапчыл депутат президентти кызматтан кетирүүнү талап кылууда. Шаршембидеги гезиттерде өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардын комментарийлери, ойлор, пикирлер, сунуштар жарыяланды.

«Белый пароход» гезити А.Бекназаровдун элден кечирим сураган сөзүн келтирип, эми дагы жаңы революцияны убада кылганын жазып чыкты. «Баары Азимбектен башталды эле эми деле ошону менен бүтөт окшойт. Чатак Аксы трагедиясынын себеп-жөнүн так аныктабаганга байланыштуу чыкты. Акылды ачуу басып кетти. Окуя эми башка өңүткө өтүп, өткөн окуянын тегерегинде суроолор көбөйдү», деп жазат Елена Авдеева «Бекназаров жаңы революциянын тутандырыгыбы?» аттуу макаласында.

«Аксылыктардын узакка созулуп кеткен иши азыркы бийлик үчүн жарылуучу бомба» сымал коркунуч алып келип жатканын «Дело №» гезитинде Сергей Чернов жазды. Ушул эле темага шаршемби күнкү «МК Кыргызстан» гезити да кайрылды.

Аксыдагы кандуу окуя тууралуу экс-президент Аскар Акаев да ушул эле гезитке берген маегинде токтолгон. «Аксы трагедиясы бул менин арманым. Жергиликтүү бийликтегилердин, айрыкча тартип сактоо органдарынын туура эмес аракети көрүлбөсө бул иш болбойт эле», дейт экс-президент.

А.Акаев азыр айрым бир саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн Аксы окуясы кайрадан козголуп жатат деген пикирде. «Азыр өлкөдө конструктивдүү демократиялык оппозициянын түзүлүп, катуу чыгып жатканы мени кубандырат», дейт ал гезиттеги маегинде.

Аскар Акаев президент болгонго чейин, болгондон кийин оголе көп адамдардын ишенимин алдап, айрымдарынан алган акчасын кайтарбай койгону азербайжан жазуучусу Элчин Гасановдун «Аскар Акаевдин карыздары. Кыргыз окумуштуусуна кат» деген макаласында баяндалган. Макала шаршембидеги «Республика» гезитинде басылган. «Элине болгон карызды бир да башкаруучу кайтарган эмес. Бирөө да. Бардык өкүмдарлар жаш балдардан карыларга чейин карыз, өз элинин канын сүлүктөй соргон жан болушат. Бул жерде Акаев лабораториялык мисал катары гана», деп жазат макала автору.

Кыргызстандын «Манас» абамайданын антитеррористтик коалициянын аскер-аба күчтөрүнө ижарага берүүнүн акысы азырынча такталбаганын, сүйлөшүүлөр дагы улантыларын шаршембидеги «Республика» гезити да жазып чыкты.

Ушул эле темага президент К.Бакиев да токтолгон. Анын орусиялык «Время новостей» гезитине берген маегин шаршембидеги «Дело №» гезити көчүрүп баскан. «Менимче, АКШ бул маселени кыйла эле созуп ийди, макулдашууну кайрадан карап чыгууну сунуштаганымдан бери эле тогуз-он ай өтүп кетти», дейт К.Бакиев.

Кыргызстан президентинин ырасташынча, Кошмо Штаттардын бул жерде аскердик базанын турушуна анча деле кызыкчылыгы жоктой. «Азыр базар шарты, ошого ылайык акы төлөө керек», дейт президент.

Ал арада башталган Бишкектеги 2 миң ашуун маршруттук автобустун айдоочуларынын иш таштоосунун себеп-жөнүнө «Белый пароход» гезитинде Мария Постникова токтолгон. Иш таштоого чыккандардын айтымында, таңкы саат бештен кечки саат онго чейин созулган убакыт ичинде табылган акчанын кыйласы запастык бөлүктөрдү сатып алуу, оңдоого гана кетет.

Маршрутттук автобустардын айдоочуларынын иш таштоосу тууралуу «МСН» гезити «Иш таштоонун баасы он сом» деген макаланы, ошондой эле Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын вице-президенти Улан Базаркуловдун маегин жарыялады. Ишкердин айтуусунда, кыргызстандык ишкерлер күйүүчү майларды дүйнөлүк баада сатып алышууда. Баа болсо көтөрүлүүдө. Маршруттук автобустардын айдоочуларынын көбү аткезчилик менен жашырын ташылып келген арзан күйүүчү майларды куюшат. Күйүүчү майлардын баасы 5% көтөрүлүп аткан чакта эмнеликтен айдоочулар жолакысын 100% жогорулаткысы келишкени түшүнүксүз, деп белгилейт У.Базаркулов.

«АиФ Кыргызстан» апталыгы мындан ары күйүүчү майлар кымбаттай тургандыгын эскертип, жагдайдан чыгуунун бир жолу велосипед сатып алуу сунушун билдирген. Кытай менен Түштүк-чыгыш Азиянын калктары велосипед менен жумушка барып-келип жүрүшпөйбү. Бишкекте деле ошондой жөрөлгөнү жайылтууга неге болбосун. Анан да өкмөт, жергиликтүү бийлик четтен чоң автобус, троллейбустарды арбын сатып алып, коомдук унаа маселесин чечиши керек, деп белгилейт «АиФ Кыргызстан» апталыгы. Маалымат үчүн айта кетчү кабар: Бишкек калкын 2 700 маршруттук автобус ташыйт.
XS
SM
MD
LG