Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:26

ЕВРОПАДАГЫ МУСУЛМАНДАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага 12-июнда Париж шаарында Европадагы ислам боюнча ири эл аралык конференция болуп өттү, ага белгилүү европалык жана америкалык окумушутуулар катышты.

Акыркы мезгилде Европанын ар башка мамлекеттеринде исламга каршы маанай, мусулмандардан корккондук, же "исламофобия" күчөй баштады. Конференция ушул маселеге арналды жана анын катышуучулары диний аралык ишенбөөчүлүктү жоюу жана ар башка маданияттардын өкүлдөрү ортосундагы кызматташтыкка жол ачуу маселелерин талкуулады.

АКШнын Гарвард университетинин профессору жана Париж шаарында жайгашкан Франциянын илимий изилдөөлөр боюнча улуттук борборунун кызматкери Жоселин Сезаринин айтымында, коомдогу чыңалуулар жана диний аралык маселелер диндин өзүнөн эмес, башка себептерден чыгат:

"Муундан муунга өткөн андай дискриминацияны мусулмандар да, башкалар да идеологиялык максатта пайдаланышат. Турмушунда же кызматында кандайдыр бир маселелер чыкканда, мусулмандар анын баарын чыныгы дискриминация мисалдарына кошуп, бүткүл Европа жана Батыш адамдары исламга каршы деген ойго келишет. Мусулман эместер болсо бардык маселелер үчүн мусулмандарды күнөөлөйт", - дейт Сезари.

Европада жашаган мусулмандардын идеологу болуп эсептелген Тарик Рамадандын пикиринде болсо, акыркы мезгилде Европада мусулмандарга каршы - 1930-жылдарда жөөттөргө каршы түзүлгөн коомдук маанай сыяктуу абал түзүлдү. Жана жөнөкөй мезгилде жакшы иштеген мыйзамдар мындай абалда мусулмандарга каршы бурулууда:

"Биз мурда иштеп чыгып кабыл алган мыйзамдар - алар азыр пайдаланып жаткан максатта түзүлгөн эмес. Сиз кимдир бирөөгө ишенсеңиз жана аны менен кызматташсаңыз, ал мыйзамдар силерди бириктирет. Кимдир бирөөгө ишенбесеңиз жана аны жек көрсөңүз, ошол эле мыйзам сизди коргоп, ал адамга каршы иштейт. Жазылган сөздөр бир, бирок мааниси такыр башка болуп калат", - дейт Рамадан.

Жыйынга катышкандардын пикиринде, абалды оңдош үчүн, интеллектулдар көбүрөк жолугуп, бир пикирге келип, бир маданият түзгөнү жакшы жана маданияттар ортосунда такай диалог болуп туруш керек.

Эң көп мусулман азыр - беш-алты миллион адамга жакын - Францияда жашайт, алар негизинен Алжирден келгендер жана алардын укум-тукумдары. Бул сан өлкө калкынын 10 пайызын түзөт. Алманияда үч жарым миллион, Британияда бир жарым миллион, Италияда бир миллион мусулман бар.
XS
SM
MD
LG