БИШКЕК. Жогорку соттун чечимине ылайык, аталган чөлкөмдүн Түзбел участкасындагы кайра добуш берүү күнү келерки жумада аныкталаарын бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Бул округда 23-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен БШК өткөн айда Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган. Шайлоодо жеңилип калган анын атаандашы Санжарбек Кадыралиев БШКнын мындай чечимине каршы сотко кайрылган. Арызды караган Биринчи май райондук соту үч участкадагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарган соң Мамат Орозбаев Жогорку сотко апелляциялык арыз берген. Ал эми Жогорку сот эки күн мурда үч эмес, бир гана участкада кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечим чыгарды.