Скинхеддердин ураан чакырып, албууттанып жатканын көргөн россиялык шайлоочуларды жакшылыктан үмүт кылуу эмес эле, коркуу сезими жетектейт деген ойго келесиң. 1996-жылы Борис Ельцин мен болбосом, коммунисттер бийликке келет, деп коркутуп жатып, экинчи мөөнөткө шайланган эле. Ал эми 2000-жылы болсо Владимир Путин ошол эле шайлоочуларды террористтер жана чечен сепаратисттери менен коркутуп жатып, өз тарабына тартып алган. 2004- жылкы шайлоодо Путин өзүн орус казынасын түп-орду менен тоноп кете жаздаган олигархтардан коргогон саясатчы катары көрсөтүп, дагы бир мөөнткө шайланды. Келерки президенттик шайлоого чейин али бир жарым жыл бар, бирок Кремль шайлоочуларды неонацисттер менен скинхеддердин күч алып жатканы менен азыртан эле коркутуп, үркүтүүдө.
"Нацизмдин желегин кайрадан көтөрүп чыгууга аракеттенгендер, этникалык жек көрүүчүлүктү, экстремизм менен ксенофобияны шыкактап жаткандар дүйнөнү өлүмгө, бөөдө кан төгүүгө жана мыкаачылыкка түрткүлөп жатышат. Фашизмдин тып-тыйпыл кылынганы аларга сабак болууга тийиш" ,- деп айткан 9-майда Жеңиш күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Путин.
Фашизм коркунучу Россияда реалдуу көрүнүш. Өңү-түсү, улуту жана расасына байланыштуу өлтүрүлгөн адамдар өлкөдө көбөйүүдө. Быйыл эле неонацисттер менен скинхеддердин колунан 18 чет элдик жаран каза болуп, 150 дөйү жаракат алды. 2004-жылы Санкт-Петербургда скинхеддер менен хулигандардын колунан бычак жеп, курман болгон тогуз жашар тажик кыздын, ок жеп каза болгон сенагалдык студенттин трагедиясын россиялыктар дагы эле унута элек.
Азыр өлкөдө 60 миңге жакын скинхед менен неофашисттер бар. Салыштыруу үчүн айта кетели, бүткүл дүйнөдө 70 миңге жакын неофашист бар экени божомолдонот.
Кремль өлкөдө күч алып бараткан ксенофобияга каршы күрөшүүгө сөз берүүдө. Бирок иш убададан ары кеткен жок. Мунун себебин россиялык укук коргоочу Лев Пономарев мындайча чечмелейт:
"Иш бийликтегилер расизм менен фашизмди өз бийлигин бекемдөөнүн механизми катары караганында. Алар бийликке фашисттер келгенден көрө, бийлик башында биздин калганыбыз жакшы",-дешет.
Ушундай эле пикирди Карнеги борборунун өкүлү Николай Петров да колдойт. Өкмөттүн максаты, дейт ал, россиялыктар жана Батыш коомчулугун камтама кылган орток бир идеяны таап чыгып, ошону туу кылып көтөрүп, өз бийлигин бекемдеп алуу.
Ал эми айрым укук коргоочулар Россия фашисттер менен скинхеддерге каршы күрөшмөк турсун, аларды тымызын козутуп жатат деп жатышат. Орус бийликтеринин Россияга келген чет элдиктерге жасаган орой мамилесин мисал келтирсе болот. Полиция алардын документтерин обу жок текшерип, үйлөрүн тинтип, коркутуп-үркүтүп, пара жеп жатканы ошондой тымызын шыкакчылыктын бир түрү, дейт Пономарев.