Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

27-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1891-жылдын 27-июнунда Жетисуу областынын Сарыбагыш волостунда болуштук кызматка шайлоо өткөрүлгөн. 1951-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алды.

1891-жылдын 27-июнунда Жетисуу областынын Сарыбагыш волостунда болуштук кызматка шайлоо өткөрүлгөн. Анда волосттук управитель болуп Шабдан баатырдын уулу Хисамүдүн Шабданов шайланган. Бирок расмий бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда шайлоого 901 түтүн катышып, ал эми болуштукту бөлөбүз деген 1000 түтүн адам шайлоого катышпагандыктан алардын укугу бузулду делип, чоң чырдын башы чыгарылган.

1947-жылдын бу күнү профессор Александр Любищев «Эволюциялык теориянын азыркы абалы» аттуу дарс топтомун окуп баштаган. Профессордун дарсы СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын лекториясында өткөрүлүп, ал жалпы жонунан «Азыркы биологиянын проблемаларына» арналган.

1950-жылы республикалык маалымдоо каражаттары И. Сталиндин «Марксизм и вопросы языкознания. Относительно марксизма в языкознании» аттуу кезектеги «гениалдык» чыгармасын жарыялашты. Макалада академик Н. Маррдын тил теориясы кескин сынга алынып, андан улам кыргызстандык «маррчы» тилчилер да көз караштарын «улуу көсөмгө» туштай илгиртпестен өзгөртүшкөн.

1951-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алды. 23 жаштагы Салмоорбек Табышалиев «Улуу ата мекендик согуш маалындагы Кыргызстан лениндик-сталинчи комсомолунун ишмердиги» аттуу илимий темада жазылган диссертацияны ийгиликтүү коргогон. С. Табышалиев жогорку окуу жайын 18 жашында бүткөрүп, илимге эрте аралашкан жана өз маалында Кыргызстандын көрүнүктүү илим уюштуруучусу катары таанылган тарыхчылардын бири болгон.

Бу күнү дүйнөлүк коомчулук балык кармоо күнүн белгилесе, 1615-жылы чай Батыш өлкөлөрүнө чыгарылган. 1937-жылы акын Эсенгул Чопиев жарык дүйнөгө келип, 1975-жылы жазуучу Айым Айтбаева жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG