Иракта азыр 14 америкалык бригада бар, ар бир бригаданын катарында үч жарым миңге жакын аскер аракеттенет жана гезиттин маалыматына ылайык, алардын эки бригадасы быйыл жана дагы үч же төрт бригада Ирактан эмдиги жылы чыгарылышы мүмкүн.
Бирок буга чейин АКШ жетекчилиги аскерлер Ирактан жакын арада чыгарылбайт, Ирактагы согушту жеңишке чейин жеткириш керек деп айтып келген. Мындан бир эле апта мурда, 22-июнда чыгып сүйлөгөндө, ошол эле генерал Кейси аскерлердин качан чыгарылышы тууралуу эч мөөнөт койбош керек, анткени андай мөөнөт дайындалса, ал өкмөткө жана америкалыктарга каршы согушуп жаткан лашкердерге дем берет деп билдирген. Президент Жорж Буш дагы америкалык аскерлердин Ирактан чыгарылышы өкмөткө каршы аракеттерди күчөтөт деп билдирген.
Ирактагы согуш менен байланыштуу Буш администрациясына америкалык коомдогу колдоо улам азайып баратат. Мындан бир апта мурда Конгрессте Ирак боюнча атайын угуу болгон жана оппозициядагы Демократиялык партиянын мүчөлөрү аскерлерди акырындап чыгара башташ керек деп катуу талашкан. Көптөгөн эксперттердин пикиринде, эгер азыркы саясат уланса, ноябрдагы шайлоодо Республикалык партия утулуп калышы мүмкүн.
Вашингтондогу Брукингс институтунун эксперти Майкл О'Ханлондун пикиринде болсо, дагы бир орчундуу себепти атаса болот. Ар бир америкалык президент өзүнүн экинчи мөөнөтүндө тарых үчүн иштей баштайт: "Экинчи мөөнөттөгү президенттер Конгресстеги шайлоодон мурда өзүнүн тарыхтагы орду жөнүндө көбүрөөк ойлонот. Чындап келгенде, кандай болбосун саясаттын негизги маңызы тарыхый мурас менен байланыштуу, ошондуктан Ак үйдөгү мөөнөтү чектелүү экенин түшүнгөн президент дайым өз өлкөсүнүн тарыхында улуу жетекчи катары калууну көздөйт", - дейт О'Ханлон.
Айрым башка эксперттердин пикиринде, Конгресситеги акыркы талкуу АКШ жетекчилигине катуу таасир тийгизген сыяктуу. Генерал Кейсинин аскерлерди чыгаруу тууралуу планы жөнүндө маалыматтар - Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики улуттук жарашуу боюнча планды Багдад шаарында жарыялаган күнү пайда болгону дагы эксперттер тарабынан өзгөчө белгиленүүдө.