Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

САМАРРАДАГЫ АЛ-АСКАРИ МЕЧИТИН ЖАРДЫРГАНДАРДЫН БИРИ КАРМАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын Самарра шаарында февралда болгон жардырууну уюштургандардын бири кармалды. Провокаторлор тобун жетектеген адамды издөө уланууда.

Ирак президентинин улуттук коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Моваффак ал-Рубаи 28-июнда билдиргенге караганда, кармалган адамдын аты Юсри Фахир Мохаммед Али, ал өзү Тунистен келген жана үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Самарра шаарындагы ал-Аскари мечитинде жардырууну уюштургандардын бири болгон. Террорчулар аны Абу Кудама деп да аташат. Ал Багдаддын түндүгүндөгү Дулуя деп аталган жерде кармалды, салгылашуу учурунда 15 лашкер өлтүрүлдү. Али өзү болсо жараат алган, бирок окуя качан болгонун Рубаи так айткан жок.

Рубаинин айтымында, провокация уюштурган адамдардын жетекчиси Хайтам Сабах Шакер Мохаммед ал-Бадри деген адам болгон, ал кармала элек, бирок туткунга түшкөн Абу Кудама азыр тергөөчүлөр менен кызматташып жатат жана бир топ маанилүү маалымат берди: "Ал окуяга жана башка террор аракеттерине катышканын Абу Кудама мойнуна алды. Азыр ал - Хайтам ал-Бадри жана жалпы эле 'ал-Каиданын' аракеттери тууралуу маанилүү маалымат берип жатат", - деди Рубаи 28-июнда.

Самарра шаарындагы ал-Аскари деп аталган Алтын мечиттин ичинде эки атактуу имам - Али ал-Хади жана анын уулу Хасан ал-Аскари көмүлгөн. Алар 868- жана 874-жылдарда өлгөн. Ал-Аскаринин уулу имам Мухаммед ал-Махди болсо кийин кайып болуп кеткен деп айтылат жана шийилер - келечекте ал Жер жүзүнө кайтып келет деп ишенет. Ошондуктан бул мечит шийи мусулмандарынын ыйык жерлеринин бири.

Жарылуу учурунда мечиттин алтын төбөсү урап түшкөн жана Рубаинин айтымында, террорчулар аны атайын диний аралык араздашуу башташ үчүн жасаган: "Ал-Аскари имамдарынын мечити атайылап тандалган, анткени ал, биринчиден, географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкан жана экинчиден, аны менен эл арасында диний араздашуу баштоо көздөлгөн", - дейт Рубаи.

Жардыруудан кийин чындап эле суннилер жана шийилер ортосунда көптөгөн салгылашуулар башталды, 20 миңге жакын үй-бүлө жашаган жерлеринен жер которуууга аргасыз болду жана Иракта аз жерден ич-ара согуш башталып кеткен жок. Абал - "ал-Каиданын" Ирактагы жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркауи 7-июнда өлтүрүлгөндөн кийин гана тынчый бьаштады. Өлкө премьер-министри Нури ал-Малики болсо 25-июнда улуттук жарашуу боюнча өкмөттүк план иштелип чыкканы тууралуу жарыялады.

XS
SM
MD
LG