Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

АБДЫЛАСТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИ ЭСТЕ, ЭМГЕГИ ЭЛДЕ


Кезек адаттагыдай эле ар апта сайын берилип келе жаткан “Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздө. Түрмөктүн бул жолку жаңы саны кыргыздын атактуу тунгуч композитору, ырчы, СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналат

Маалымдама: Композитор, ырчы, СССРдин эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Абдылас Малдыбаев 1906-жылдын 7-июлунда Кеминдин Карабулак айылында туулган. 1923-жылы Малдыбаев Алматы шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтунда, 1925-жылы Бишкек кыргыз педагогикалык техникумуна которулат. Аны 1929-жылы бүтөөрү менен музыкалык-драмалык студиянын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Бир эле мезгилде Абдылас студия да коюлган Д.Фурмановдун “Көтөрүлүш” Р.Шүкүрбековдун “Жапалак Жатпасов”, Н.Гоголдун “Текшерүүчү” аттуу оюндардагы ролдорду аткарып, көрүүчүлөргө актер катары таанылат. 1930-жылы музыкалык техникум ачылып, студия музыкалык-драмалык театрга айланат. Малдыбаев театрда актер, ырчы болуп иштей баштайт. Дирижер П.Шубинден, студиянын педагогдору Д.Ковалевдон, Д.Мацуцинден музыкалык теориясынан, композициядан сабак алат. 1936-жылы Абдылас кыргыздын атактуу шайырлары менен Москвага барып, алгачкы жолу желим табакка (грампластинкага) ырларын жаздырат. Ошол эле жылы орус композиторлору В.Власов, В.Фере менен таанышат.

1939-жылы ал Москвада өтүүчү он күндүккө карата В.Власов, В.Фере “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын, “Айчүрөк” операсын жазат. Декада учурунда А. Малдыбаевдин чыгармачылыгы жогорку бааланып, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, СССРдин эл артисти деген ардактуу наамга татыктуу болот. Ленин ордени менен сыйланат. Ош чөлкөмүнөн СССР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланат.

А.Малдыбаев ар кандай жанрдагы чыгармаларды жазуу менен бирге У.Гаджибековдун “Аршин-Малалан” музыкалуу комедиясынан Аскардын, Е.Брусиловскийдин “Кызжибек” операсынан Төлөгөндүн, М.Раухвергердин “Көкүлүнөн” Көкүлдүн ролдорун аткарат.

1945-жылдан 1950-жылга чейин А. Малдыбаев Москва консерваториясынын улуттук студиясында Г.Литинский менен Г.Фереден окуйт.

1938-жылдан 1967-жылга чейин Кыргызстан композиторлор союзун жетектейт. Ал калемдеш достору В.Власов, В.Фере менен биргелешип “Патриоттор”, “Токтогул”, “Манас” операларын ж.б. кантата, ораторияларды, симфониялык чыгармаларды жазат. Үч жолу Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланат. Ленин, үч жолу Эмгек Кызыл туу, “Ардак белгиси”, Октябрь революциясы ордендери, “Эмгектеги артыкчылык”, Улуу Ата Мекендик согуштагы артыкчылык эмгеги үчүн” медалдары менен сыйланат. Залкар композитор, ырчы, таланттуу актер 1978-жылдын 31-майында дүйнөдөн кайтат.

Атарыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Деги,
Жай-жайына койчу.
Чөп куурабас болсочу,
Көз тунарбас болсочу,
Кызыл өндөн нур кетип,
Деги,
Кыз кубарбас болсочу – деген шекилдүү ар бир укканды терең ойго, зар санаага салган муңдуу аваздык ыргактар менен шөкөттөлгөн обондуу мукамдуу үнү менен эл аспаптар оркестринин коштоосунда тогуз толгоно мукана ырдаган залкар композитор, айтылуу ырчы, актер Абдылас Малдыбаев болгон.

Автордун улуу акын Токтогулдун сөзүнө жазган “Өмүр” аттуу философиялык ойго бай ыры алгачкы жолу ырдалышынан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шыктагы ырчылардын аткаруусунда ырдалып, түркүн муундун угармандарына тартууланып келет. Абдыкемдин асымы айтылганда Алатоонун көк кашка тунук булагындай таптаза үнүн укканымда орто бойлуу, жай баракат каалгый баскан, сыпайы токтоо мүнөздүү, бешенеси күн нурундай жаркыраган, өмүрүндө кабагым, кашым дебеген күлкү менен күн өткөргөн, аз сүйлөп, чаалыктым, чарчадым дебей күнү, түнү менен музыканын толкунунда чабак урган улуттук кесиптик музыкабыздын негиз салуучусун, улуу композиторду, залкар ырчыны, тубаса актерду элестетем.

Ар тараптуу шыкка бай Абдылас 72 жаш курактын аралыгында кыргыз угармандарына таптакыр белгисиз дүйнөлүк музыканын жанрларынын, түрлөрүнүн негизинде кыргыз музыкасында өмүрүндө болбогон жаңы маныздагы, боектордогу, түрлөрдөгү романс, марш, хор, кантата, оратория, музыкалык драма, опера, симфония ж.б. жанрдагы жаңы улуттук кесиптик музыкасынын түбүн түптөдү.

Ал 24 жаш курагында “Акинай” аттуу жалындаган жаштыктын мөлтүр махабатын баяндаган ырын угуучуларга тартуулайт. Обондун сөзүн да өзү жазат. Автордун “Акинай” аттуу ырын 84 жылдан бери ар кыл муундун ырчылары ооздорунан түшүрүшпөй ырдашып, жумурай-журттун жарпын жазып келүүдө.

Абдылас уюштурган Кыргызстан композиторлор союзунун бүгүнкү төрагасы Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Кенжеказы Асанбаев Малдыбаев жөнүндө мындай дейт:

- Абдылас Малдыбаевдин ысымы аталганда кыргыздын профессионалдык музыкасынын түбүн түптөп, кышын койгон улуу композиторду элестетебиз. Бүгүнкү жаштар да Абдылас агайдын жазып кеткен чыгармаларынан таалим тарбия алып, өсүп-өнүп жатабыз. Абдылас агай элдик музыканы беш манжасындай мыкты билүүчү. Ошол өзү билген, ырдаган эдик музыканын берметтеринин өзөгүндө кыргыздын элдик музыкасында таптакыр болбогон романстарды, хорлорду, ырларды, операларды, симфониялык ж.б. чыгармаларды жазды. Абыкем биринчи жолу композиторлор В.Власов, В.Фере менен биргелешип кыргыздын тунгуч “Айчүрөк” операсын, “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын ж.б. симфониялык чыгармаларын жазды. Алар болсо кесиптик музыканын түбүн түптөштү. Мен Абыкемдин ырларын, романстарын ж.б. чыгармаларын укканымда ичи таза, кең пейилдүү, тунук, назик адамды элестетем. Маселен, автордун “Өмүр”, “Кызыл жоолукчан” аттуу ырларын, “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Манас” аттуу операларындагы арияларын укканымда Абдылас агайдын бүтүндөй келбети мөлтүр ички дүйнөсү көз алдыма тартылат. Менин оюмча, А. Малдыбаевдин ысымы чыгармалары кыргыз эли канча жашаса ошончо жашай бермекчи. Мен Абдылас агай түбүн түптөгөн Союзду жетектеп отурганыма бактылуумун деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG