БИШКЕК. Жума күнгө белгиленген алгачкы отурум БШКнын Куршаб шайлоо округунун Түзбел участогуна барган эки мүчөсү келбей калгандыктан кийинкиге калтырылган. Андан бир күн мурда түзбелдик шайлоочулар тобу Бишкекте маалымат жыйынын уюшутуруп, БШКга кине коюп, кайталап добуш берүүгө шарт түзүүнү талап кылган кайрылуусун президентке жолдогон. Жогорку Соттун чечимине ылайык талаштуу саналган участокто добуш берүү 25-июнга белгиленип, бирок, тараптардын жаатташуусунан улам ал үзгүлтүккө учураган.