Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

АЛМАТЫ МЕНЕН МАСКӨӨНҮН «СУВЕРЕНДҮҮ ДЕМОКРАТИЯСЫ»


Даниел Кимиж, Прага Казакстанда жакында бийликчил эки партия президент Назарбаевдин "Отаны" анын кызы Дариганын "Асары" менен бирикти. Муну демократия багытындагы зор арыш деп сүрөттөө кыйын, бирок ал Казакстандагы "суверендүү демократиянын" арымы коңшулаш Орусияныкы менен шайкеш экендигин айгинеледи.

Казакстандын бийликчил Отан партиясы 4-июлда Дарига Назарбаеванын "Асар" партиясы менен бир партияга биригип жаткандыгын жарыялады. Чукул өткөрүлгөн курултайда президент өзү сүйлөп, 700 миң мүчөсү бар Отан партиясы модернизациянын мотору болот деди. Ошол эле убакта, бул биригүү Грузия, Украина жана Кыргызстандагыдай элдик козголоң аркылуу бийликтин алмашышына жол бербөөнүн айласы экендигине таң калбай коюш кыйын. Анан бийликтер күчтүү партия "өлкөнүн суверендүүлүгү" үчүн керек экендигине басым жасап жаткандыгы белгилүү. Мисалы Дарика Назарбаеванын сөзү боюнча, Казакстан көп жылдардан бери Батышта даярдалган план менен жашап келген, бирок Европалык конституциянын четке кагылышы Европада да, Казакстанда да суверендүүлүктү коргоо зарыл экендигин көрсөттү. Бул жагынан Назарбаеванын сөздөрү орус президентинин администрация башчысы Владислав Сурковдун айткандарына үндөшүп турат. Ал суверендүүлүктү конкуренцияга туруштук бере алуучулук менен салыштырган. "Суверендүүлүк жана демократия Орусиянын туруктуу өнүгүшүнүн башкы эки шарты" деп эсептейт ал. Сурковдун ошондой эле "Орусия суверендүү демократия болгондо, ал экономикалык жактан гүлдөп-өсүп, саясий жактан стабилдешип, маданияттын деңгээли өсөт" деп айткан жери бар.

Владимир Путиндин кеңешчисинин пикиринде, президентчил "Бирдиктүү Орусия" партиясы 2007-жылы парламенттик шайлоодо жеңип чыгууну гана максат кылбастан, аз дегенде дагы 10-15 жыл мамлекетте үстөмдүк кылуусуна жетишүү зарыл. Кызыктуусу казак президенти да 4-июлдагы курултайда Отан партиясынын мүчөлөрүнө ушул эле сөздөрдү багыштады. Ал күчтүү партиялар өлкөнү жалпы улуттук максаттарга мобилизациялоо үчүн керек деди. А бирок Дарига Назарбаева 10-15 жылды кыска мөөнөт деп эсептейт. 19-июнда "Асар" партиясынын мүчөлөрүнө ал "Башка бир да партия келерки 50 жылда биз менен атаандаша албагыдай болушун кепилдешибиз керек" деди. Айтор, Казакстан менен Орусиянын эл башчылары карманган суверендүү демократиядан адам укуктары сыяктуу универсалдык баалуулуктарды жактыра бербегендиктин илеби келип турат, ошол эле убакта ондогон жылдар бою бийликте кала турган күчтүү президентчил партияга басым жасалат. Албетте, оппоненттери бул болгону көпчүлүктүн добуш менен бийликти тынчтык мүнөздө өткөрүп берүүгө караганда, улуттук салтка шылтап, кандай да жол менен болбосун азыркы бийлик элитасынын жашоосун узартуу аракети деген жыйынтык чыгарыштары мүмкүн.

6-июндагы полит.ру сайтында берген маегинде Маскөөдөгү Карнеги борборунун директорунун орун басары Дмитрий Тренин белгилегендей, "Суверендүү демократия деген сөз айкашында "демократиянын" дээрлик салмагы жок, ал эми ""суверендүү" деген ага караганда кыйла салмактуу".

Анан калса, суверендүү демократтар ата мекенди эл аралык карасанатай күчтөрдөн сактайбыз дегендери менен, мындай демократияда демократиялык процесстер тууралуу конкреттүү көп суроолорго жооп ала албайсың. Мисалы, эмне үчүн мамлекет жалпы улуттук сыналгы бекеттерин көзөмөлдөшү керек, жана мамлекеттин карамагындагы радио-телевидение шайлоонун алдында бийликтин талапкерлерин кандай чагылдырат деген сыяктуу ыңгайсыз суроо берүүгө чет жактан бирөө-жарымдын укугу жок деп эсептелинет. Тескерисине, эгер мындай суроону кабыргасынан койгон адам Казакстандын атуулу болсо, суверендүү демократтар аны чет элдик душмандарга сатылган, мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек келтирет деп чыгышат.

XS
SM
MD
LG