"Херманус местец" деген айылга Чех жумуриятынын баш калаасынан 2 сааттай түндүк багытта жол жүрүп жеттик. Мындагы 15-кылымда курулган жайкы ак сарайы азыр карылар үйүнө айландырылган. Жайкы саратан күндөрүнүн биринде мында чиркөөнүн коңгуроосу африкалык добулбас менен бир мезгилде жаңырды.
Ортосунда фонтан атылган чоң крооонун көлөкө тарабында аптаптан баш калкалаган он чакты абышка-кепмир африкалык эки качкын жигит жана Элвира деген биздин мекендешибиз кызы, өмүрлүк жолдошу менен уюштурган чакан концерттин көрүүчүлөрү болушту. Чехиянын ушул дубанда эле карылардын 40 чакты үйү бар. Тургундардын көбү жарды бүлөлөрдөн, бирок колунда болуп туруп, өзүнчө бөлмө алып, төлөгөн акысына жараша тейлөөсү да сапаттуу шартта жашагандар жок эмес. Өзү басып тура албай калган Мария Хоракова - ошолордун бири. Пани Хоракова 72 жашта, өмүр бою медсестра болуп иштеген, доктур күйөөсү менен коммунисттик доордо Кубада да иштеп келген. Жесир калгандан кийин мына ушул карылар үйүнө келип алган.
"Эгер колуңуздан келсе балаңыз менен чогуу турат белеңиз деген суроого Хоракова "жок, жок", баламдын азыр өзүнүн уул-кыздары бар, алардын жашоосуна жолтоо болгум келбейт" деп колун булгалады.
Анын аралыгында, жаан жаап кирди, эл топурап, ички залга кирди. Элвира менен сегиз жашар Саяра Күн чыгыштын ритмдери менен бийге түшүштү. Кийин Элвира күйөөсү Жусуп менен уйгур бийин бийледи. Ал эми чех мектепке барып, жергиликтүү тили эне тилиндей болуп калган Саяранын ырдаганын көрөрмандар айрыкча жылуу кабыл алышты.
Сайара – 40тарга чамалап калган ата-энесинин жалгыз кызы, Бишкекте экенде 6 жашында сууга чөгүп кеткен улуу агасын көрбөй да калды. Эжеси да төрөлгөндө эле медсестра колунан түшүрүп жиберип, чарчап калган. Атасы ооруканада сарыктын үч түрүн жуктуруп алган бойдон оорулуу болуп калган. Алардын Чех жумуриятынан гуманитардык виза берүү өтүнүчү жакын арада оңунан чечилет деп күтүлүүдө. Элвира Кыргызстандан тийиштүү документтердин аныктыгын тактап берүүгө жардамдашкан белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын бейөкмөт уюмуна рахматын айтып түгөтө албайт. Эки баласынан ажырап, күйөөсү оорулуу болуп калган Элвира бирок кайгыга алдырбай, турмушка сейрек мамилесин жоготкон эмес. Качкындар лагерине жакын жердеги карылар үйүнө келип, өз эл-жеринин каада-салтын көргөзүп берели деп демилге көтөргөн дал Элвира болгон. Бишкекте калган энемди көрсөм дегенде эки көзү төрт болгон мекендешибиз карыларды мамлекет эркелетип бакса да, баары бир өз колуңда карагандай болбойт деп ишенет:
-Мусулманчылыкта биз карыларды бербейбиз, өзүбүздүн эле колдо болсо деп ойлойм. Өзүбүз багабыз, бизди баккан ата-энелерибизди кантип карылардын үйүнө беребиз?!-дейт Элвира.
Анын аралыгында, карылар өздөрү да ырдап киришти. Майыптын арабасында отурса да, чет элдик коноктор алып келген самса, боорсоктон ооз тийип, көңүлү ачык отурган Пани Хоракова да кыңылдап, өзүнө теңтуш абышка-кемпирлерге кошулуп ырдап жатты.
Сүрөттөрдү тарткан автор