БИШКЕК. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин тобу учурда Арменияда өтүп жаткан эл аралык командалык-штабдык машыгууга катышууда. НАТОнун “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасынын алкагында өткөрүлүп жаткан бул машыгууну АКШнын аба күчтөрүнүн европа командалыгы каржылоодо. Ага Ортоазиядан тышкары Австрия, Македония, Албания, Румыниянын өкүлдөрү катышууда.