Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:58

НАТО ООГАНСТАНДЫ ТЫНЧЫТА АЛАБЫ?


Өткөн жекшембиде Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд провинциясында талибдер эки ооданды басып алып, кийин кайра тоо жамынып кетишти. Бул окуя ушул айдын соңунда Ооганстандагы аскерлеринин санын кескин көбөйтүп жаткан НАТО уюмунун алдында көп кыйынчылыктар бар экендигин айгинелөөдө.

Ушул шаршембиде Хелманд провинциясында жүздөгөн ооган жана АКШ баштаган чет элдик аскерлер андан үч күн мурда куралчандар басып алган оодандын борбору Гармсер шаарында кагылышты. Ал эми шейшембиде мурдараак талибдер басып алган дагы бир оодандын борбору Навое-Баракзаи шаарчасында да ушундай кагылышуу болгон. АКШ армиясынын маалымат катчысы полковник Пол Фицпатрик "коалиция күчтөрү талибдер менен Гармсердин сыртында салгылашып, бирок шаардын өзүндө каршылыкка туш болушкан жок" деп билдирди. Буга караганда, жекшемби күнү шаарга басып кирген жүздөгөн талибдер коалиция күчтөрү келе электе эле чыгып кетишкен шекилдүү.

Лондондук көз карандысыз коргонуу серепчиси Ян Кемптин пикиринде, талибдер НАТО аскерлери жайгашкан жерлерден четтеп, ооган полициясын жана өкмөт аскерлерин бутага ала башташты:

–Талибдер ооган коопсуздук күчтөрү, ооган армиясы, ооган полициясы сыяктуу жеңил буталарга кол салууну өнөкөт кылышканы байкалууда. Азыр эми НАТО аскерлери көп санда жайгаштырыла баштаганда, талибдердин британ, канада, америкалык аскерлерге азыркыдан да тиши өтпөй калат.

Арийне, пакистандык журналист, "Талибан" деген китептин автору Ахмед Рашиддин кырдаалга мамилеси бөлөгүрөөк:

Менимче, Батыш коалициясы чынында да өтө татаал абалда. Алар түштүктөн талибдердин агып келип жатышына тийиштүү баа бере алган жок. Талибдер азыр бүтүндөй оодандарды жана оодан борборлорун көзөмөлдөп турушат. Ал эми Батыш күчтөрү бул шаарлардын сыртында бугуп жатышат. Бирок алар шаарларды көзөмөлдөшпөйт.

Кабул бийликтери түштүктөгү кырдаал үчүн Пакистанды айыптоодо, бирок Пакистан талибдердин чек арадан Хелмандга өтүп келиши мүмкүн эмес деп эсептейт. Ахмед Рашиддин пикиринде, Пакистандан Ооганстанга чоң топтор өтө албаганы менен, чакан топтор тынымсыз өтүп келип жатат.

Жаңыл Жусубжан, ПрагаБ

XS
SM
MD
LG