Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Европа өлкөлөрү эгерде Иран уранды байытууну токтотпосо, ага карата санкцияларды киргизүү каралган Резолюциянын долбоорун сунушташты. Бул документ Британия, Франция жана Германия тарабынан даярдалды. АКШ резолюциянын долбоорун колдоорун билдирди. Ал эми Коопсуздук Кеңешке туруктуу мүчө-өлкөлөр Россия менен Кытай санкцияларды киргизүү каралган бул долбоорго каршы экендигин ырасташты.
БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иранга карата санкцияларды киргизүү каралган Резолюциянын долбоору сунушталды