Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 12:25

«ЖЫЛЖЫМА» ИНФЛЯЦИЯ


Быйыл жарым жыл ичинде инфляция деңгээли Кыргызстанда 4,1% чыкты. Өнөр жай товарларынын, азык-түлүктүн, анын ичинде кумшекер, таттуулардын, эт-майдын баасы кыйла көтөрүлдү.

Өкмөт жыл аягына чейин инфляция 6% деңгээлден өйдө көтөрүлбөшүн такай белгилеп келет. Аны Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун да бир нече ирет ырастаган жайы бар:

- Эларалык валюта кору менен талашып-тартышып отуруп биз инфляцияны 5,7% деңгээлине чыгарын аныктаганбыз. Бирок да ал 6% бираз ашып-кемип турарын биздин адистер эсептеп чыгышкан.

Министрдин ырасташынча, быйылкы жылдын инфляция деңгээлинин жогорулап кетишине иралды турак-жай, коммуналдык кызмат акынын, күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын кымбаттап кетиши себеп болду. Дүйнөлүк базарда карамай баасынын көтөрүлүшү артынан инфляцияны ээрчите келери турулуу иш.

Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев инфляция деңгээли жыл аягына чейин белгиленген чектен ашпайт деген пикирде:

- Казакстанда бу жарым жылдыкта инфляция деңгээли 4,8% болду, бизде салыштырмалуу 4,1%, Орусияда болсо 6,2% чыкты. Биз такай салыштырып келебиз. Адистердин айтуусунда, бизде баа 1,7% көтөрүлдү. Менин оюмча, биз жыл аягына чейин контролдук көрсөткүчтөн – 5,7% ашып кетебиз деп кооптонушка негиз жок.

Быйыл жыл башынан кумшекер, эт-май, таттуулардын баасы орто эсеп менен 10% ашуун кымбаттады. Анын себеби жалаң карамайдын баасына байланыштуу эмес, дейт акын жана журналист Бактыгүл Чотурова. Анын айтуусунда, баанын кымбатташын айрым сатуучулар долларга байланыштыршат. Бирок да кийинки кездери доллар түшүп, сом көтөрүлгөнү менен баа арзандаган жок.

- Кымбаттаган товарлардын баасы ошол бойдон эле калууда. «Эмне үчүн?» десең доллар кымбаттап кеткенин айтышат. Азыр болсо доллардын баасы түшпөдүбү. Бирок товардын баасы мурунку бойдон эле сакталып калууда.

Мектеп мугалими Зейнеп Калиева инфляция анчалык көтөрүлбөгөнүн айтып, элди жооткоткон жетекчилердин көбү базарга барып соода кылбайт, ошондон алар баанын канчалык көтөрүлгөнүн билишпейт деген пикирде:

- Алар базар менен тааныштыгы жок кишилер да. Мисалы, алардын баары камсыз. Бизчилеп базарга барышпайт. Базар баасын билишпейт. Соода кылышпайт. Алар реалдуу турмуштан, жөнөкөй адамдын реалдуу турмушунан алыс кишилер.

Кыргызстанда айлык акынын аз өлчөмү 100 сомду, ал эми зарыл керектөөнүн өлчөмү 1500 сомго жакын акчаны түзөт. Жалаң бюджетке үмүт артып отургандардын маяна, пенсия, жөлөкпулдарына экен-токондо кошулган акчасын орто жолдон «жылжыма» инфляция жок кылууда. Бул болсо ортодогу социалдык теңсиздикти күчөткөндөн башкага жарабайт. Өткөн жылкы элдик революциянын чыгышына да ириде мына ушул социалдык проблема негиз түзгөн. Быйыл өкмөт ички дүң продуктту 8% көбөйтүп, инфляцияны 6% ашырбай ооздуктап турууну көздөөдө. Бирок да жарым жылдыкта ИДПнын өсүшү 3% гана түздү.
XS
SM
MD
LG