Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:57

ӨКМӨТТҮК ГЕЗИТТЕР КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН МЕНЧИКТЕШТИРИЛЕТ?


Кыргызстандагы өкмөттүн саясатын жүргүзүп келген “Слово Кыргызстана” менен “Кыргыз туусу” гезиттеринин редакцияларын акционерлештирүү максатында премьер- министрдин буйругу менен жумушчу комиссиясын түздү. Бул маселени парламент да карап, акыркы чечимин күзгү сессияга калтырган.

Өлкөнүн президентинин 2005-жылдын 8- декабрындагы “Айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндөгү” жарлыгына ылайык кийинки этапта мамлекеттик мүлк комитети жакынкы эки жылда менчиктештирилүүчү субьектилердин тизмесине “Слово Кыргызстана” менен “Кыргыз туусу” гезиттерин да киргизген. Бул маселе Жогорку кеңештин талкуусунан өтүп, бирок парламент акыркы чечимин күзгө калтырган. Ал эми премьер- министр 13-июлдагы буйругу менен ушул ишти аягына чыгаруу үчүн жумушчу комиссиясы түзүлгөн.

Ушул комиссиясынын жооптуу катчысы, өлкөнүн премьер-министринин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын эксперти Болотбек Жумабаев алгачкы аракеттер тууралуу ой бөлүшүп, редакция жааматынын кызыкчылыктары үчүн кеңешүүлөр болуп, менчиктештирүүнүн формасы такталып жатканын билдирди.

Ал эми “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Жедигер Саалаев редакциянын акциялары алдына ала сатылып кетиптир, жөн гана мыйзамдаштыруу иши калыптыр” деген сөздү төгүнгө чыгарды. Анын айтымында учурда менчиктештирүүнүн формасы да тактала элек. Өкмөттүк маалымат каражаттарын менчиктештирүү редакцияга эркиндик берет, бирок мамлекетин саясатын жүргүзүүчү маалымат каражатынын дагы керек, ошондуктан акциялардын негизги бөлүгү өкмөттүн колунда болгону туура болмок.

Алгач “Эркинтоо” деп аталып, кийин “Кызыл Кыргызстан” жана “Советтик Кыргызстан” деген аталышта чыгып келген, кыргыз басма сөзүнүн башаты болуп, 82 жылдык тарыхы, таржымалы бар, учурдагы “Кыргыз туусу” гезити менчиктештирилсе редакциянын ишине салым кошкон ардагер журналисттер да акциянын бир үлүшүн алууну көздөп турушат. Алардын бири “Советтик Кыргызстан” гезитинин мурдакы редактору, профессор Тилектеш Ишенкулов өз пикирин билдирип, бул маселени кеңешип чечүүнүн зарылдыгын, мындай жагдай редакцияга эркиндик берээрин, бир жактуу гана маалымат бербей чыныгы элдик гезит катары калкка кызмат кылаарын, ардагерлерге да акциянын бир үлүшү тиешелүү экенин айтты.

Бирок бул маселени парламент күзүндө талкуулап, дагы сунуш пикирлер айтылчудай.


Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG