Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

ТҮНДҮК АМЕРИКА МЕНЕН ЕВРОПА ҮСТҮН ЧҮМКӨГӨН АПТАП


Быйылкы жай Түндүк Америка менен Европаны аптабы менен катуу куйкалоодо. Күн ачуу тийген жерлердеги өлкөлөрдүн тургундары кыйналып кысталууга дуушар болушууда. Алар тезирээк күндүн салкындашы келсе экен дешет. Бирок эксперттер айтымында күндүн ысышы дагы кыйлага барат жана мындан да өйдөлөйт. Мунун себебин алар аба ырайынын глобалдуу түрдө өзгөрүшүнөн улам болуп атат деп түшүндүрүшүүдө.

«Азаттыктын» Прагадагы жана Лондондогу кабарчылары жиберген маалыматтарына таянып быйыл европалыктарда жайдын аябагандай ысык болуп атканын түшүнөбүз.

Түндүк Америкада да жайдын аптабы быйыл күч экен. Маселен, 27-июлда абанын ысышы Вашингтон менен Нью-Йоркто 34, Лос-Анжелесте 31 градуска жеткен.
Алдыңкы күнү актриса Линдсей Лоханды (Lindsay Lohan) ысык уруп ал Лос-Анжелес ооруканасына түшкөн. Анын он бир күн бою 40 градустан ылдый түшпөгөн ысыктыктын кесепетинен улам болгонун айтышат. Ал эми «Америка жаңылыктары» агенттиги шаршембиде «Калифорния штатында жай бою чүмкөп алган аптаптан 56 киши мерт болду», - деп жазды.

«Ассошейтед пресс» (Associated Press) жазганга караганда «кийинки эки аптанын ичинде Францияда күндүн аптабынан 40ка чукул киши өлгөн». Ал өлкөдө күндүн ысышы 35-40 градуска жетип атканы айтылат. Кызык жери, Францияда 2003-жылы да аптаптан 15 миң киши, дегинкиси кары-картаң кишилер курман болушкан экен.

Лондондогу «Азаттыктын» кабарчысы Жан Жун билдиргенге караганда Улуу Британияны туш-тушунан деңиз каптап турганы менен өлкөдө суунун тартыштыгы пайда болгон. Айтылуу Гайд паркта чөп дарактар эртелеп саргая баштаган. Жер кургап, дайранын суусу байыган. Мындай шумдуктун 1911 – жылдан бери түштүк Англияда болуп көрбөгөндүгүн айтат.

-Мисалы, мындай субтропикалык аптаптан Корнуэл жээги төрт метрдей тайыздады. Балыгы жоголду. Кайра акулалардын саны мурда болуп көрбөгөндөй өстү, - дейт Жан Жун мырза.

Чек жумуриятынын аба ырайына көзөмөлдүк кылган чөйрө расмий жасаган билдирүүсүндө «кийинки 141 жыл ичинде эң ысык тийген күн ушул жылдын ушул айында, 26-июлда катталган. Целсия өлчөмү боюнча алып эсептегенде ал күнү күндүн табы 35,3 градустук ысыктыкка жетти», - делинет.

Суу сактагычтарындагы суу күн ачуу тийгенде өтө ысып кетип, ошондон улам Франция менен Испаниянын атомдук станциялары бир калыпта иштөө эрежесинен тайган. Италиянын «По» аталышта дайрасы такыр соолуп калган. Элба дайрасы эби жок бөксөргөндүктөн убактылуу кеме жүрүүгө жараксыз – «асты тайыз» деген жарыя айтылган.

Кечээ бир гана Босняда жаан жаап, чагылган түшкөнү маалым болду.



Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG