Жакынкы Чыгышта Кондолиза Райс мындан бир нече күн мурда болгон эле. Эми ал Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт менен бүгүн кечинде, эртең Ливандын өкмөт башчысы Фоуад Синиора менен кездешүүнү болжоп жатат. АКШнын президенти Жорж Буштун айтымында, Райстын милдети эки өлкөнү тең тынчтык планына көндүрүү болуп саналат. Жума күнү Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен чогуу жыйын өткөргөндөн кийин Буш ал планда атышууну токтотуу жана Ливан-Израил чек арасын бойлото эл аралык тынчтык аскерлерин жайгаштыруу каралганын бышыктады:
- Райс Израилдин жана Ливандын лидерлери менен кызматташып, эки өлкө үчүн узак мезгилдүү тынчтык орнотууга жетишүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калганга аракеттенет. Келерки жумада БУУнун Коопсуздук Кеңеши да жыйын өткөргөнү жатат. Биздин максат - согуш аракеттерин дароо токтотуунун жана көп улуттуу аскер жайгаштыруунун так шарттары каралган Жетинчи Хартиянын резолюциясын аткарышыбыз керек.
БУУда мындай күчтөргө аскер кошуу маселеси дүйшөмбүдө талкууланат деп күтүлүүдө. Буш менен Блэр бул күчтөр тез арада жөнөтүлүшү керек деген пикирлерин билдиришти. Ошол эле убакта экөө тең Израилден 18 күн мурда Хизбуллага каршы баштаган согушун дароо токтотууну талап кылуудан кайрадан баш тартышты. Кошмо Штатттары келечектүү тынчтык үчүн бул жаңжалга алып келген кесепеттер биринчи жоюлушу керек деп эсептейт. Башкача айтканда Хизбулла куралсыздандырылып, Израилге коркунуч келтире албагыдай болушу зарыл.
Анын аралыгында Ливанда карапайым адамдардын арасындагы жоготуулардын улам көбөйүп жатышына болгон тынчсыздануу өсүүдө. Кечээ БУУнун гумжардамын тескеген Ян Эгеланд жапа чеккендерди чыгарып кетип, үй-жайсыз калган жүз миңдеген кишиге жардам жеткирүү үчүн, согуш аракеттерин үч күнгө токтотууга чакырды:
- БУУнун баш катчысы сунуш эткендей, согуш аракеттери токтотулушу керек. Мен кайрадан Израил менен Ливандын жетекчилерине барып, жок дегенде 72 саат ок атышууну токтотууну суранмакчымын. Бул убакытта биз жарадарларды, жаш балдарды, кары-картаң, майыптарды Түштүк Ливандагы согуш тилкесинен чыгарып кетүү үчүн пайдаланабыз.
Бирок, бүгүн Израил бул чакырыкты четке кагып, ансыз деле Ливанга гуманитардык коридор ачып койгондугун билдирди.
Жаңыл Жусупжан, Прага