Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

КЫТАЙДАН ТРАКТОР КЕЛАТАТ


Кыргызстан жана Кытай мамлекет жетекчилеринин июнь айындагы сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы катары учурда Кытайдан Кыргызстанга 100 млн. юань наркындагы кредиттик айыл чарба техникалары жүктөлүп жөнөтүлдү.

Кытайдын трактор заводу жайгашкан Лоянь шаарынан жаңы эле кайтып келген Кыргызстан айыл чарба министринин биринчи орунбасары Камбаралы Касымовдун берген маалыматы боюнча, бул ирет кредитке жалаң тракторлор менен аларга чиркелчү соколор жиберилген. Алар алты түрлүү кубаттуулукта – 90 ат күчүнөн 25 ат күчүнө чейин. Август айында 30 млн. юандык трактор-соколор эки партия менен Кыргызстанга келет. Биринчиси, 100 трактор сокосу менен 27-июль күнү 29 автомашинага жүктөлүп Үрүмчү шаарына жөнөтүлгөн. Үрүмчүдөн Кашкар аркылуу Кыргызстанга келет. 50сү Бишкекке, 50сү Ошко даректелген. Алар жалпы Кыргызстандын түндүк, түштүк райондоруна бөлүштүрүлөт.

Экинчи партия менен 210 трактор-соко 2-август күнү жөнөтүлүптүр. Алар дагы түндүк, түштүк региондорго тепетең бөлүштүрүлгөн. Ошентип август айында Кыргызстандын дыйкандары 310 трактор-соколуу болушат.

Камбаралы Касымов кийинки 70 млн. юандык Кытай техникаларына мындайча токтолду:

-Ал боюнча да биз макулдашуу протоколун Кытай бийликтерине өткөрүп келдик. Ошондо быйылкы жыл ичинде жалпы баары Кытайдан Кыргызстанга 1205 даана техника келгени жатат.

Карасуулук Сулайманжан Эркебаев аттуу дыйкан Президент Бакиев тарабынан жыл башында убада кылынган Кытай айыл чарба техникаларын дыйкандар күтүп-мукурап жатышкандыгын “Азаттык” радиосуна күйүп-бышып айтып берди эле, демек, Кытай тракторлору Кыргызстанга аба менен суудай керек кезде келгени турат. Бишкекте аны тапшыруу аземине Президент Бакиев өзү катышаары да мерчемделүүдө. Бирок, аларды бөлүштүрүү жагы кандай болор экен?

Айыл чарба министринин биринчи орунбасары Камбаралы Касымовдун берген маалыматы боюнча, Кыргыз өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык, аларды Айыл чарба министрлиги облустарга бөлөт, облустар райондорго, райондор айыл өкмөттөрүнө бөлүштүрүп берет. Бөлүштүрүү атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан ишке ашырылат.

Биз трактор-соколордун баасына жана кредиттик кайтаруу мөөнөтүнө да кызыктык. 90 ат күчүндөгү тракторлордун заводдо коюлган баасы 12900 доллар, 25 ат күчүндөгү тракторлордун баасы 2800 доллар. Кыргыз өкмөтү дыйкандарга баасын эки эсе арзандатуу менен берүү аракетинде. Бирок, мөөнөтүн мурда айтылгандай 10 жылга чейин узарта албайт. 3-5 жылда кредит кайтарылып бүтүш керек. Анткени ал техникалардын ишке жарактуулук мөөнөтү 8 гана жыл.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG