Бардыгы болуп 24 адам кармалды, алардын баары Британиянын жарандары, бирок теги боюнча пакистандыктар деп айтылууда. Былтыр июлда Лондон шаарынын метросунда уюштурулган жардырууларды дагы Пакистандан келип Британияда жашап калган жарандардын балдары жасаган. Анда 52 адам курман болгон. Азыр камакка алынган адамдар - Лондон, Хай Вайкомб жана Бирмингем шаарларында кармалды.
Полициянын айтымында, алар Британиядан Америка Кошмо Штаттарына жөнөй турган 10 учакта жардыруу уюштурууга даярданган, полиция ал тууралуу мындан бир ай мурда шектене баштап, иликтөө баштаган жана тогузунан онуна караган түнү коркунуч өтө жогору деңгээлге жеткендиктен, шектүү адамдарды кармоону чечкен. Бирок жардыруулар 10-августка же андан кийинки күндөргө пландалганы тууралуу маалыматтар жарыяланган жок.
Бул окуя менен байланыштуу Лондон шаарынын Хитроу аэропорту жабылгандыктан, бир топ баш аламандык чыкты жана жүргүнчүлөргө азыр колунда жүк алып жүрүүгө эч уруксат берилбей калды. Айрым маалыматтарга караганда, террорчулар суюк жана башка террор заттарын колдонууга даярданган, аларды учакка - иче турган кока-кола же башка суусундук катары же майда электрондук аспаптар сыяктуу буюмдардын ичинде алып кирүүнү көздөгөн.
Ал тууралуу АКШнын ички коопсуздук министри Майкл Чертоф дагы айтты: "Террорчулар учактардын ичине бомба жасай турган ар башка жарылуучу заттарды, алардын ичинде - ичимдик сыяктуу көрүнгөн суюктуктарды, электрондук аспаптар же башка жөнөкөй буюмдар катары бааланган нерселерди алыр кирүүгө аракеттенген", - деди 10 августта америкалык министр.
Ошондуктан Лондон аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн колуна эч нерсе алып жүрүүгө уруксат берилбей жатат. Эмчектеги бала менен саякатка чыккан энелер алып бараткан сүттү алар полициянын көзүнчө ичип көрсөтүш керек. Натыйжада Хитроу аэропортунда жарым миллионго жакын адам топтолду, бирок эч ким нааразылык билдирген жок, бардык жүргүнчүлөр абалды түшүнүү менен кабыл алууда.
Кылмышкерлер кармалганы менен, АКШ менен Британиянын полициясы жогорку даярдык абалына келтирилди. Тергөөчүлөрдүн пикиринде, он учакта даярдалган террор аракеттери менен удаа башка да аракеттер пландалган болушу мүмкүн, азыр анын баары иликтенүүдө. Окуя жөнүндө кабарлар пайда болгондон кийин авиакомпаниялар жана туристтик фирмалардын акцияларынын баасы бир кыйла төмөндөдү. Аны менен катар мунайдын баасы да төмөн түштү, анткени туристтердин агымы азайып, учактар аз уча баштайт деген чочулоолор бар.
Анткен менен АКШ президенти Жорж Буш да, Британия премьер-министри Тони Блэр дагы өз отпусктарынан чыккан жок. Блэр азыр атактуу британиялык ырчы Клифф Ричарддын Барбадос аралындагы үйүндө эс алып жатат. Ал Бушка телефон чалып, абалды түшүндүрдү жана Буш кечээ күнү Американын Грин Бэй шаарынан сүйлөп, жүргүнчүлөрдүн тынчы алынганын түшүнүү керек деп билдирди.