Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

“АК КАРКЫРА” – ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО БОРБОРУ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 12-августта “Ак каркыра” спорттук-ден соолукту чыңдоочу борборуна 30 жыл болот. Бул борбор чыгыш элдеринин ушу-тау, цигун, ян, тайзицюань жана башка стилдерин, ыкмаларын кыргыз жергесине жайылтып келет. Ден соолук чыңдоочу “Ак каркыра” борбору эл аралык турне-фестивалын өткөргөнү турат.

«Ак каркыра» аталган спорттук- ден соолукту чыңдоочу борборду чыгыш өнөрүнүн устаты Макен Исаков негиздеп уюштурган. Ал Ленинград (учурдагы Санкт-Петербург) шаарындагы Мухин атындагы көркөм сүрөт жогорку окуу жайында окуп жүргөндө жашыруун каратэ, ушу менен машыгып, чыгыш өнөрлөрүн кыргыз жергесине жайылткандардын алгачкы өкүлдөрүнүн бири болгон.

Учурунда Макен Исаков жана анын шакирттери каратэ боюнча союздук мелдештерде бир нече ирет мөрөй алышкан. Ал эми Макен Исаков Түндүк Корея, Кытай, Вьетнам өлкөлөрүндө ден соолукту чыңдоо боюнча чыгыш системасындагы багыттуу билим алуу менен Шанхай, Гуанжоу шаарларындагы чеберлерге кезигип, «цигун», «рефлекс терапия» жана «Тайзицюань» өнөрлөрүн терең үйрөнгөн.

Мындан сырткары ал «ян» жана «чэнь» стилдерин да өздөштүрүүгө жетишип, чебер аталган. Ал 9 жылдан бери Орусиянын Челябинск шаарындагы Урал дене тарбия университетинде устат катары эмгектенип жатканын айтып, бир нече китеп, видео тасмаларды чыгарганын билдирди.

Бишкекте, Жалалабат, Ош жана Талас облустарында өтө турган «Ак каркыра» мектебинин фестивалы тууралуу борбордун жетекчиси Үсөнкан Исаков мындай деп белгиледи.

-Фестивалдын максаты чыгыш элдеринин ден соолукту чыңдоочу түрдүү ыкмаларын, стилдерин кыргызстандык кары-жашка жайылтуу, адамдын ички мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өзүнүн ден соолугун чыңдоо өз колунда экенин ынандыруу, улуу устатыбыздын демилгелерин колдоого алуу. 9 жылдан бери Орусияда жүргөнү өкүндүрсө да, кайрадан “Ак каркыра” борборунун ишин дагы жандандырып, кулачын кеңири жайылтуу.

Мурда чыгыш спорт түрлөрү менен машыгууга тыйу салынып келсе, учурда ден соолукту чыңдоонун булагы катары таанылганын, ар бир кыргыз жүздөн ашып жашоого мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал үчүн чыгыш өнөрлөрүн үйрөнүүсү керектигин, бул дене тарбия ыкмаларын кыргыз элине жайылтуунун зарылдыгын “цигун” стилинин чебери Медер Итибаев айтып берди.

“Ак каркыра” эл аралык фонддун фестивалы 12- августта Бишкекте башталып, 17-августта Жалалабатта, 19-августта Ош облусунда жана 26- августта Талас жергесинде улантылмакчы.
XS
SM
MD
LG