Куба лидери Фидель Кастро ооруп аткандан бери биринчи жолу жекшембиде эл алдына чыкты. Ошол күнү ал 80 жылдыгын белгилеп, Венесуэла президенти Уго Чавести кабыл алды. Кубанын жаштар гезитине жарыяланган кайрылуусунда, Кастро ден-соолугу оңолуп калганын билдирген. Кубаны учурда анын иниси Рауль Кастро башкарууда.