Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

ЛИВАН АСКЕРЛЕРИ ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫН ӨЗ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛА БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн жума күнү Бириккен Улуттур Уюму Ливан боюнча резолюция кабыл алып, дүйшөмбү күнү ок атышуу токтогондон кийин Израил аскерлери Түштүк Ливандан чыгарыла баштады. Аймакка эл аралык бейпилдик күчтөр жана Ливандын өзүнүн өкмөттүк аскерлери жайгаштырылат.

Израил жетекчилигинин айтымында, 17-августка карата басылып алынган жерлердин үчтөн экиси бошотулду. Ошол эле күнү эртең менен аймакка Ливандын өкмөттүк аскерлери киргизиле баштады. Резолюция боюнча Түштүк Ливанга 15 миң эл аралык жана 15 миң өкмөттүк аскер жайгаштырылууга тийиш. Мурда аймакта эки миң бейпилдик аскер бар болчу, 10-15 күндүн ичинде алардын саны үч жарым миңге жеткирилет деп күтүлүүдө, аларды Франция жетектеп келген жана жаңы көбөйтүлгөн күчтөрдү дагы Франция жетектөөгө макул экенин билдирди.

Франциянын коргоо министри Мишель Альо-Маринин айтымында, бейпилдик күчтөрдүн катарына европалык мамлекеттерден тышкары мусулман өлкөлөрү дагы аскер жибериш керек: "Көбөйтүлгөн бейпилдик күчтөрүнүн катарына мүмкүн болушунча эң көп европалык мамлекет аскер жиберүүгө тийиш. Мусулман өлкөлөрү дагы эң көп катышса жакшы болот", - деди франциялык министр 17-августта. Италиянын айтымында, жакын арада ал Ливанга үч миң аскер жиберүүгө даяр.

Ливан эгемендүү жумурият болуп 1943-жылы түзүлгөндөн кийин анын аймагында бир нече палестиналык уюм жайгашкан. 1960-1970-жылдарда Ливан жетекчилиги аларды өлкөдөн күч менен чыгарууга аракеттенгенде, ири чатактар чыккан жана 1975-1976-жылдарда өлкөдө ич-ара согуш да жүргөн. Натыйжада 1976-жылдын октябрында Ливанга эл аралык араб күчтөрү киргизилген, алардын көпчүлүгүн сириялык аскерлер түзгөн. Ошол мезгилден тартып Ливандын түштүгү өкмөт көзөмөлүнөн чыгып калган.

Бул аймакта көптөгөн экстремисттик уюмдар өз куралдуу топторун жайгаштырып, кошуна Израилге каршы аракет көргөндүктөн жөөт аскерлери Ливанга 1978-жылдын мартында жана андан соң 1982-жылдын июнунда кирип, террордук уюмдарды талкалоого аракеттенген. 1982-жылдагы согуш учурунда Израил аскерлери борбор калаа Бейрутка чейин барып, аны курчоого да алган жана көптөгөн террордук уюм Ливандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Бирок ошол 1980-жылдардын башында Ливанда Ирандын революциялык тажрыйбасын өздөштүрүүгө аракеттенген шийи топтору пайда болгон. Алар 1982-жылы "Хизбалла" уюмун түзгөн жана уюм дароо Израилдин оккупациясына каршы куралдуу аракет көрө баштаган. Жөөт аскерлери Ливандан 2000-жылы гана чыгарылган, бирок эмгиче Хермон тоосунун бетиндеги Шебаа деген аймакты колунда кармап турат, ошондуктан "Хизбалла" - жөөт оккупациясы бүтө элек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG