БИШКЕК. Өткөн жуманын соңку күндөрүндө Баткен шаарында партиянын облустук бөлүмүн уюштуруу жыйыны өтүп, бөлүмдүн башчылыгына Хайитали Айкынов шайланды. Мындан сырткары күз айларында өтүүчү партиянын республикалык курултайына 20 делегат шайланды. Учурда Баткен облусунда аталган партиянын 500дөй мүчөсү бар. Бул тууралу «Азаттыкка» партиянын Баткен облусу боюнча координатору Ташболот Балтабаев билдирди.