Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ОШ ШААРЫНДА ИШ САПАР МЕНЕН БОЛДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 29-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекет башчысы Курманбек Бакиев коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктады. Иш чаранын жүрүшүндө Кытайдан алынып келинген тракторлор тапшырылды. Жергиликтүү талдоочулардын айтымында, президент менен жолугушуу ашкере этият коопсуздук чаралардын алкагында болгондуктан жарандар арасында нааразылыкты пайда кылды.

Эгемендүүлүктүн 15 жылдыгынын алдында мамлекет башчысы Курманбек Бакиев жаңы бийлик бир жылдын аралыгында эле бир катар мактанаарлык иштерди жасагандыгын белгилөө менен, анын бири катары Кытайдан алынып келинген тракторлор менен дыйкандардын камсыз боло башташын айтты:

- Бир жылдын ичинде 1205 трактор алып келдик. Демек иштесе, аракет кылса болот экен. Ошондуктан мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, жаңы бийлик биринчи күндөн баштап эллине аракет кылып келди, - деди мамлекет башчысы Курманбек Бакиев.

Кытайдан алынып келинген алты түрлүү маркадагы 155 трактор өлкөнүн түштүк аймагынын дыйкан жана фермердик чарбаларына конкурстук негизде таратылып бериле тургандыгы маалым болду. Ар бир трактордун баасы 13 миң АКШ долларын түзүп, 10 жыл мөөнөткө карызга берилмекчи.

Өзгөн районунан келген фермер Шайыргүл Шакеева президенттин техникалык жардам көргөзүүдөгү аракетине ыраазылыгын билдирүү менен техниканын адилеттүү түрдө таркатылышына да өзү көзөмөл жүргүзүүсүн суранды:

- Бул дагы сиздин эл үчүн көргөн чоң камкордуңуз. Бул техниканын кооперативдерге, фермер чарбаларга берилгени туура болот деп ойлойм.

Баарынан кызыгы, адаттагы салттан айырмаланып борбордук аянтта мамлекет башчысы менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү коомчулуктун өкүлдөрүнүн бардыгына эле бирдей болгон жок. Тизме менен чакыртылган адамдар гана атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин аянтка киргизилип турду. Жергиликтүү ички ишти органдарынын жетекчилиги мындай көрүнүштү коопсуздук чараларын күчөтүү аракети менен байланыштырды. Президенттин иш сапарын чагылдырууга келишкен журналисттер да кайтаруу кызматы дайындаган алыскы аралыктан гана окуяны байкоого алып турууга мажбур болушту. Мындай көрүнүштү көпчүлүк жергиликтүү талдоочулар демократиялык принциптерге каршы келген аракет катары баалашты:

- Аянтка кире бериште милиция кызматкерлери туруп ар бир өткөн кишини тизмеде барсыңбы, эмне үчүн келатасың деп текшеришти. Мен ойлойм бул туура эмес, Акаев доорунда мындай жок эле. Журналисттерди да жакын келтирген жок. Бул биздин президенттин пресс службасынын кемчиликтери - деген оюн билдирди «Вечерний Бишкек» гезитинин өз кабарчысы Айбек Хамидов.

Андан соң мамлекет башчысы Бакиев Карасуу районунун Нариман айыл өкмөтүндө болуп, андагы жеке менчик автосервистин иши менен таанышты. Калк менен болгон ар бир жолугушуусунда президент Курманбек Бакиев экономиканын көтөрүлө баштагандыгынын негизи катары айлык акынын жогорулашы жана мектеп окуучуларына бекер тамак-аш берүү сыяктуу мисалдарды бир нече жолу кайталоодон тажаган жок.

XS
SM
MD
LG