Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

БУУ БАШ КАТЧЫСЫ КОФИ АННАН ТЕГЕРАНГА КЕЛЕТ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Тегеранга келет. Иран азыр эл аралык маанидеги бир нече проблемага, анын ичинде Ливандагы урушка, “Хезболла” тобуна байланыштуу иштерге тартылган. Экинчи чоң проблема – Тегерандын ядролук программасы. Бул тармактагы иштерди токтотууну талап кылган Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткаруудан баш тартып, Иран эл аралык коомчулукту дагы бир түпөйүл түйшүккө салды. Кофи Аннандын Тегерандагы сапарында негизги талкуу-таңаш дал ушул маселенин тегерегинде болчудай.

МАГАТЭнин 31-августтагы докладында уран байытуу ишин токтотуу үчүн Иран кенедей да аракет жасабаганы айтылды. Алтургай дипломатиялык булактар өткөн аптада иран адистери бул иштин кезектеги этабын баштаганын ырасташты.

Тегерандын бу жоругун АКШ президенти Жорж Буш эл аралык коомчулукка кыр көрсөтүү катары баалап, муну жоопсуз калтырууга болбой турганын билдирди. Франция болсо Иран өтө катуу өкүткө салганын белгиледи. Германиянын канцлери Ангела Маркель Тегеран үчүн каалга карс жабылбаганын, ошол эле учурда дүйнөлүк коомчулук түк эчтеме болбогондой отура да албасын айтып, мунун баарын талкуулап чыгууну сунуш кылды. Алдыдагы аптада Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия атайын масилет өткөрүшөт. Евросоюздун тышкы саясатынын координатору Хавер Солана иран делегациясынын башчысы Али Ларижани менен жолугат.

Мына ушундай шартта Аннанга Тегерандагы сүйлөшүүлөрдө иран жетекчилерине кысым жасоонун удулу келип тургандай көрүнөт. Бирок Улуттар Уюмунда,Коопсуздук кеңешинин өзүндө Иранга кандай чараларды көрүү керек деген маселеде биримдик жок. Москва менен Пекин санкцияларга каршы чыгары айкын,анткени өздөрүнүн финансылык жана экономикалык кызыкчылыктарынан кечкиси келбейт. Анын үстүнө Кытай менен Россия геосаясий жактан өздөрүн АКШга конкурент катары көргүсү келет.

Ак үй болсо, америкалык ырасмий өкүлдөрдүн айткандарына караганда, Коопсуздук кеңешинен Иранга экономикалык санкциялар жарыяланышын талап кылат,эгер бул сунуш колдоо таппаса,анда бу чөйрөдө өз алдынча аракеттенет.

Бирок, “Вашингтон таймс” басылмасы иран проблемасында азыр АКШ өкмөтүнүн өзүндө бирдиктүү пикир жоктугун жазып чыкты. Мамлекеттик департаментте, мисалы, Солананы акыркы сүйлөшүүлөргө жөнөткөнү жаткан европалыктардын демилгесине кошулганга Кондализа Райсты ийиткенге аракет кылып жаткан таасирдүү ишмерлер бар. Ал эми Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд менен вице-президент Дик Чейнинин кеңсесиндегилер бул идеяга каршы чыгып жатышат.

Андай болсо, деп жазат “Азаттыктын” Вашингтондогу баяндамачысы Билл Сами, баш катчы Кофи Аннан Тегерандагы сүйлөшүүлөр маалында ирандыктарды Хавер Солананын соңку сунуштарына макул болууга үндөп,андан кийин кеч болуп каларын акыркы ирет эскертиши ыктымал.


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG