БИШКЕК. Коргоо министрлиги менен Жогорку Кеңештин ортосунда орун алган чырдуу ишти иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүлдү. 1-августта парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун буйругу менен Коргоо министрлигинин кызматкерлери парламенттин имаратындагы иш бөлмөлөрүнө киргизилбей койгон. Исабековдун айтымында, Коргоо министрлигинин 40тан ашуун куралдуу кызматкерлери имаратка күч менен кирүү аракетин жасашкан. Ал эми министрликтин жетекчилиги ошол күнгө радио машыгуунун өткөрүлүшү белгиленген болчу деп билдирген.