Жапониядан келген сүрөтчүлөрдүн жанры батышта көп таркабаган сүрөт өнөрүнүн бир түрү болуп саналат. Андыктан алар менен сөссүз байланышта болушубуз керек дейт кыргыз сүрөтчүлөрүнүн бири Жумабек Базарбаев.
-Буларда көбүнчө каллиграфия жанры өнүккөн. Эмгектеринде колдонгон кара жана ак боекторун бактын кабыгынан жасашат. Кагаздары да күрүчтөн жасалат. Бул кагаздарга боектор жайылып көрктүү болот. Мына ошонун баарын түшүнүп үйрөнүш үчүн аларга жакын болушубуз керек.
Ал эми жапон сүрөтчүсү Оген Хаманака бул фестиваль тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн соң келечекте кыргыз сүрөтчүлөрүнө өзүбүздүн өнөрүбүздү үйрөтөбүз деген тилегибиз бар деди.
-Бул жолу жергиликтүү сүрөтчүлөр биздин эмгектерибиз менен таанышып, аз да болсо жапон маданияты туурасында түшүнүк алышса анан келечекте сөссүз каллиграфия жанрында сүрөт тартканды жана башка өнөрлөрүбүздү үйрөтөбүз деген ниетибиз бар.
- Мен Кыргызстанга ойдо жок жерден эле келип калып, кыргыз жигитине турмушка чыктым. Эми мен мындан ары Кыргызстанда жашайм да. Андыктан менин балдарым кыргыз маданияты менен бирге сөссүз жапон маданиятын да билиши керек. Ошон үчүн мындай иш-чаралардын тез-тезден өтүп турушун каалайт элем, –дейт Бишкек Гуманитардык университетинин окутуучусу Кимиро Сидико айым.
Эми бул иш-чара келерки жылы да улантылып, кеңири програмада өтмөкчү.
Айжан Шаботоева, Бишкек