Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:48

Имам Фахриддинов - Өзбекстан исламдык кыймылын жетектеген деп күнөөлөндү


Өзбек соту кечээ күнү белгилүү имам Рухидин Фахриддиновду 17 жылга эркинен ажыратууга кести, ал экстремизм жана террорчулуктан күнөөлөнгөн. Имамдын туугандарынын айтымында, Чирчик шаарында өткөн сот жабык болду жана имам күнөөнү мойнуна алган жок. Бийликтен 1998-жылдан бери качып жүргөн Фахриддинов өткөн ноябрда кошуна Казакстанда кармалган. Өзбек бийлигинин айтымында, Фахриддинов - Өзбекстан исламдык кыймылынын жетекчиси, анын туугандарынын айтымында болсо, имам эч качан аскерий аракеттерге катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG