Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ОРУСИЯДАН АР ЖЫЛ САЙЫН 13 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР АЛЫП КЕТИШЕТ


Орусиянын федералдык мигранттар маселеси боюнча кызматынын директору Константин Ромодановский айтканга караганда чет элдик жумушчулар, орто эсептен алганда, ар жылына 8 миллиард доллардык салыкты төкпөй жеп кетишет. Ошол эле учурда алар Орусиядан 13 миллиард доллар каражатты ажыратып мекенине ала кетишет. Анализчилер болсо эмгек мигранттарды пайдалануудан Орусия ошончо да пайда таап атканын айтышат.

Эл аралык миграциялык уюм (МОМ) иликтөөсүндө дүйнөдө азыр башка өлкөлөрдөн иш издеп көчүп конуп жүргөндөр 192 миллиондун тегерегинде. Алардын 20 пайызы АКШда, 8 пайызы Орусияда. Ошолор эсебинен Орусия өз элинин санын 10 миллионго чукул жанга көбөйтүшү ыктымал дешет.

Анализчилер «мурдагы советтик өлкөлөрдөн келип аткан жумуш издегендерди туура пайдаланганда Орусия болуп көрбөгөндөй пайда табар эле», - дешет. Эмгек издеп келгендерди жергиликтүү тургундар ошончо эле жерип ийбешин «Тажикстан» аталыштагы аргасыздан көчүп келгендер корунун жетекчиси Гавхар Жураева айтат:

«Башка (улуттагы – ММ) киши иштеп атканын көргөндө орустар аны эрөөн-төрөөнү жок кадимкидей эле кабылдашат. Бирок алардын кай бирлери Орусияга чындап эле бангизатын катып келип атканын көргөндө терс мамиле жасап атышат», - дейт Жураева айым.

Орусияда улутчулдук маанай курчугандыктан өңү славяндарга окшобогондорду кордоо ачык жаcала баштады. ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда быйылкы жылдын ичинде улутчулдар кол салуусунан чет элдик 21 киши өлүп, 208 киши жарадар болушкан. Өңү оруска окшобогондорго кол салуу өлкөнүн 30 регионунда болгон. Ал тургай түсү бөлөктөрдү жашап аткан жеринен кууп салуу Кондопога шаарында болду.

Кондопогада жашаган чечендерди орусиялык атуулдар экенине карабай, ишканасын кыйратып өздөрүн кууп салуу болгондо улутчулдук мүдөнүн жарчысы болгон "Мыйзамсыз иммигранттарга каршы кыймылдын" жетекчиси Александр Белов ага окшогон актылардын дагы да жасаларын айтат.

Орусия жумушчу күчүнө муктаж Кыргызстан каражат табууга муктаж болуп турганда эмгек мигранттар маселеси боло берерин анализчи Юрий Ханжин айтат. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиндеги мигранттар ишин алып баруучу жетекчи Тажимамат Шаболотов мындай насаат кеп айтты:

«Мен айтып кетишим керек, бүгүнкү күндө эгерде Орусияга келип иштеймин десеңер, түз эле өзүңөр билгендей келе бергей, этият болгула! Орусиянын эмгек миграциясы туурасында мыйзамды эч ким билбейт. Ошондуктан бул жакка келген биринчи күндөн тартып кыйынчылыкка дуушар болушат. Жолго чыгар алдында аны билип же миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып ошолор аркылуу келип ишке орношсо туура болор эле» , - дейт Шаботоев мырза.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG