Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

КАРЫЗДЫН КЫЙЛАСЫ ЧЕТТЕН КЕЛГЕНДЕРДИН ЧӨНТӨГҮНДӨ КЕТКЕН


2-ноябрга белгиленген оппозиция жыйыны, Кыргызстандын тышкы карызы, энергетиканы сатыкка коюу. Шаршембидеги кыргыз басылмаларында арбын козголгон темалар негизинен ушулар.

Азыркы бийлик конституциялык реформаны жакын арада баштабаса 2-ноябрдан тарта «Реформалар үчүн» кыймылы Бакиев-Кулов тандемин кетирүү боюнча үзгүлтүксүз көчө жыйындарын өткөрүү, нааразылык билдирүүнү такай уланта турушкандыктарын билдиришти. «Оппозиция шахматтык жүрүшүн баштады. Бийлик кандай жооп бере тургандыгын күтүү гана калды. Бийликтин жообу: а) ыкчам; б) акыл-эстүү; в) жагдайга жараша жана да г) демократиялуу болушу абзел», деп жазат «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Дамир Эркинбаев.

Оппозиция Бакиевдин ордуна Текебаевди, Сариевди же кимдир бирөөнү коюш үчүн 2-ноябрда жыйын куруп жаткан жери жок. Башкысы – системаны өзгөртүү керек. Өлкөнү уурулар менен каракчылар башкарбасын. Каракчылар башкарган жерде жашоону эч ким каалабастыгын «МК Кыргызстан» гезитинде Елена Агеева жазды. Автордун ырасташынча, эми кыргызча «кызматтан кетирүү» жөрөлгөсүн күтүү гана калды.

Кыргызстанды «Хипик» деген ийнеге отургузганы калышканы «Белый пароход» гезитиндеги Сергей Кожемяконун макаласында кеп болот. «Хипикке» кирсе Кыргызстан алган карызын төлөй албастыгын ырастаган болот. Аны көргөн инвесторлордун бул жакты көздөй ат тизгинин бурушу күмөн. Анын үстүнө Кыргызстандын «Хипикке» киришин каалабастыгын Франция, Жапания, Орусия бир нече ирет билдирип келишкен. Карыз жүгүн экологияга оодарып, ошол аркылуу андан бошонуу аракетин көргөн оң, деп белгилейт макала автору.

Кыргызстандын тыш карыздары маселесине «АиФ Кыргызстан» апталыгында академик Т.Койчуев да токтолгон. Карыз алгандын эч кандай эрен-төрөнү жок, бирок да карыз акча бизде реалдуу экономиканы көтөрүүгө жумшалган жок, дейт академик Т.Койчуев. Техникалык кредиттердин кыйласы четтен келген адистердин маянасына, жол чыгымдарына эле жумшалып жок болду.Т.Койчуевдин ырасташынча, менчиктештирүү ырааттуу жүрбөй, апыл-тапыл жасалды.

Өкмөт энергетика секторун реформалап, аны өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга киришкенин «Слово Кыргызстана» гезити кабарлады. Өкмөттүн программасы президент менен парламентте жактырылса гана ишке ашырылмакчы.

«Жерүй» алтын кенинин айланасындагы окуялар, өкмөт бир инвесторду лицензиясынан ажыратып, экинчи инвесторго жол ачып бергени менен маселе чечилбей, кайра татаалдашып кеткени «Белый пароход» гезитиндеги Е.Авдееванын макаласында козголгон.

Ушул эле гезитте Орусияга кетип жаткан кыргыз мигранттарынын турмушу кандай өтүп жатканы «Эмиграциянын апакай гүлдөрү» аттуу макалада баяндалган.

Уюшкан кылмыштуулук, ачык бизнес жана криминалдык жагдай тууралуу «Дело №» гезитинде Кыргызстандын ички иштер министри Мурат Суталинов ой жүгүрткөн. Анын айтуусунда, көмүскө бизнес жасагандар гана кылмыштуу чөйрөгө көз каранды болот, алардын айткан акчасын төлөп беришке мажбур болот. Мыйзам алдында жүзү жарык ишкердин рекэттен корко турган жөнү жок, дейт министр.

Кийинки кездери арасы кыйла сууй түшкөн кыргыз-өзбек мамилелери кайра аз-аздан жандана баштады. Кыргызстандын президенти К.Бакиевдин Өзбекстанга расмий иш сапары улантылып жатканын, кош тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө арналган биртоп документтерге кол коюлганын шаршембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазды. Макулдашуулардын арасында эки өлкө жарандарынын карым-катышын жеңилдетүүгө арналган өкмөттүк келишим да бар.

Бакиев-Кулов тандеми саясий шарттан улам, Ф.Кулов президенттик шайлоодо жеңишке жетерине ишенбегенден улам чыкканын «Энесай» гезитинде Райымбек Соотбеков «Кыргызга тандемдин кереги жокпу?» деген макаласында талдоого алган. «Бирок ошондой болсо да тандемдин шартындагы «эгер эки тараптын бири отставкага кетсе, экинчиси да анын артынан кетиши» жөнүндө айтылган жери кишини айласыз баш чайкатып, күлкүсүн келтирет», деп жазат макала автору.
XS
SM
MD
LG