Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

ОШТО КЫРГЫЗ-ОРУС АСКЕРДИК МАШЫГУУСУ ӨТТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто "Түштүк-2006" деп аталган терроризмге каршы күрөш боюнча кыргыз-орус аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен командалык машыгуулары жыйынтыкталды. Машыгуу учурунда шарттуу түрдөгү душмандын топторун жок кылуу операциясын Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов, Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жана анын кыргыз кесиптеши Исмаил Исаков байкоого алып турушту.

Машыгуунун шарттуу планы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик чекарасын бузуп кирген 140 адамдан турган душмандын тобу Ош шаарын көздөй жылып жөнөдү. Согушчандардын тобун Тогузбулак айылына жакын жерден токтотууга жетишкен Кыргызстандын аскер күчтөрү куралсыз калкты коопсуз жайга көчүрүүгө аракеттенди. Мындай уруш тактикасын байкоого алып турган өкмөт башчысы Феликс Кулов коргоо министрлигинин өзгөчө абалда аракеттенүүчү отрядынын аскердик даярдыгына төмөндөгүдөй баа берди:

"Реалдуу шартта мындай боло турган болсо, биздин жигиттер катылган душмандын катыгын бере турган тайманбастыгына дагы бир жолу ынандым. Бул жерде койулган тапшырманын илгиртпей аткарылып жатышы жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээли жакты", - деди өкмөт башчысы Феликс Кулов.

Шарттуу пландын негизинде ар багытта кыргыз чекарасын жойлоп кирип келе жаткан согушчандардын күчтөрүн майтарууга Орусиянын Канттагы аскер аба күчтөрү жардамга келишип, кыргыз армиясына абадан колдоо көрсөтүп турду.

Натыйжада шарттуу аталыштагы мамлекеттин чекарасын бузуп кирген душмандын топтору толук талкаланды.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов машыгуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында согуш аракеттери болгон учурда аскердик жардам көрсөтүүнүн практикалык багыттары сыналып, ал бүгүн татыктуу баасын алгандыгын белгиледи.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюму бул саясий жана аскердик уюм экендиги жашыруун эмес. Ал биздин жалпы коопсуздук тилкебизде кагазда гана эмес иште да жарамдуу экендигин бүгүн далилдеди", - дейт Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов.

Биргелешкен аскердик машыгууга эки тараптан 400гө жакын аскер кызматкери катышты. Аягында Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков орусиялык, ал эми анын кесиптеши Сергей Иванов болсо кыргызстандык бир катар офицерлерге аскердик кызматташтык үчүн медалдарын ыйгарышты.

XS
SM
MD
LG