Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:02

НИЗАМИДИН АЗИМЖАНОВ : АДАМ УКУГУН КОРГОО ҮЧҮН КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС СОТ КЕРЕК


Көптөн бери талашка түшүп жаткан Конституциялык реформа маселеси бүгүн Бишкекте Улуттук форумда да талкууланганы жатат. Бул маселе боюнча “Азаттык” менен Жогорку Cоттун судьясы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Низамидин Азимжанов ой бөлүштү.

- Сиз да алгач түзүлгөн Конституциялык кеңештин мүчөсү экенсиз. Азыр Баш мыйзамдын жыйырмадан ашуун долбоорлору даярдалып, ар ким өз долбоорунун артыкчылыгын айтып жаткан кез. Сиздин жеке көз карашыңызда Баш мыйзамдын жаңы вариантында азыркы сот тармагына байланыштуу айырмачылыктар болушу керекпи?

- Албетте, болуш керек. Биз бул долбоордун үстүнөн иштеп атканыбызга бир жылдан ашып калды. Кыргызстан БУУнун мүчөсү болгондон киийн, Конституцияны БУУнун документтерине негиздеп жазалы деп атабыз. Адам укуктарынын Жалпы Декларациясы, Граждандык укуктар актысы, Соттордун көз карандысыздыгынын негизги принциптери деген БУУнун документтери бар. Ошолордун негизинде жазып атабыз. Андан сырткары коңшулаш Россия, Казакстандын тажрыйбасын да алып атабыз. Эң негизгиси, биз адам укуктарын коргоо жагына көңүл буруу керек. Ал эми адам укуктарын коргой турган негизги орган бул сот экен. Ошондуктан соттун көз карандысыздыгына биринчи иретте көңүл буруп атабыз.

- Конституциялык сот, Жогорку сот, Арбитраждык сот өз алдынча болуш керек, же биригиш керек деген көз караштар бар. Сиз ушул маселе боюнча жеке оюңуз кандай?

- Бизде азыр Конституциялык сот жана Жогорку сот бар. Ушул боюнча калганы туура болот деп ойлойм.

- Сот чечимдерине каршы нааразылыктардын басылбай жатышын сиз эмне менен түшүндүрөр элеңиз? Жогорку Cоттун өзү кээде бир иш боюнча эки башка чечим чыгарган учурлар көп кездешет. Мисалы, бүгүн, эртең Жогорку соттун алдына кайрадан нааразылык акциясы өтчүдөй. Жалалабаттан адамдардын тобу Бишкекке жөнөгөндүгү маалымдалууда. Бул жерде пахта заводдордун ирисин мамлекетке кайтаруу жөнүндө, Ош облустук сотунун чечимин Жогорку сот кайра жокко чыгарып, мурдагы акционерлерге берүү керек деп тапкан экен. Эми сот чечимине ошол ишканын мурдагы кызматкерлери кайра каршы болуп жатышыптыр. Ушундай чечимдердин бири экинчисине кайчы келе берүүсү туура эле көрүнүшпү?

- Мен бул иш боюнча конкреттүү айта албайм, анын үстүнө мен кылмыш иштерин караган судьямын. Ал эми соттун чечимдерине нааразы болгондор илгери деле болуп келген, мындан ары деле боло берет. Анткени эки тарап эч качан ыраазы болбойт, бирөө сөзсүз түрдө нааразы болот. Анткени, сотко талашкан үчүн келип атышат. Бир тарабын канаттандырсаң, экинчи тарабы сөзсүз нааразы болот. Бул демократиялык көрүнүш, ар ким өзүнүн пикирин айтканга укуктуу. Бирок кайсынысы негиздүү экенин карап көрөбүз да. Мен айтайын дегеним, азыркы учурда укук коргоочулар кээде ашыкча кетип калып атышат. Бир эле тараптын укугун сүйлөп туруп алышат, ал эми экинчи тараптын укугу жөнүндө унчукпайт.

- Бирок, таңкалыштуусу сотторго карата нааразылык пикет, митингге өтүп кетип жатпайбы. Бул адилетсиздиктен улам чыгып жаткан маселеби деген ойлор бар коомчулукта?

- Жок, андай эмес. Көрсөттү го былтыркы окуялар. Эгерде ошол эле тарап утулуп калганда башка тарап келмек.

- Ал эми Кыргызстандын шартына караганда сот чечимдерин аткаруу бийлиги моюндабай койгон учурлар да көп кездешеби?

- Мен андайды көрө элекмин. Анткени соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Сот чечимин аткарбаган жоопко тартылат. Аткарылбай калган чечимдерди билбейт экемин.

- Мисалы, акыркы бир факт - Улуттук университет боюнча райондук соттун чечимин тиешелүү министрлик аткарбай жатат деп айтылууда. Сотторду шайлоо жөнүндө да сунуштар бар, ушуга кандай көз караштасыз?

- Сотторду дайындоо, шайлоо азыр биздин Конституцияда жакшы эле каралган. Анын үстүнө кандидаттарды тандап алуу боюнча президенттин алдында Улуттук кеңеш түзүлбөдүбү. Ушул эле принциптер туура деп ойлойм. Анткени жергиликтүү элге, же жергиликтүү кеңештерге шайлоого кое турган болсо, анда ал кандидаттар алардан көз каранды болуп калат. Бизде жазылбаган бир принцип бар, судья, прокурор, тергөөчүлөр өзү туулуп өскөн жерде иштебейт, тууган-уругунун арасында ал кантип калыстык кылмак эле. Ал эми жергиликтүү кеңештер дайым өзүнүн кишилерин шайлаганга аракет кылып, башка жактан барган кандидатты өткөрбөй коет. Ошондуктан менимче, президент дайындаганы туура болот. Бул боюнча президент өткөндө өзүнүн пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG