Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:39

БОЛОТ БАЙКОЖОЕВ: БАКИЕВ БИЙЛИККЕ КАНТИП КЕЛГЕНИН УНУТПАСЫН!


Бийлик менен оппозициянын ортосунда дагы бир жолу тегерек стол жыйыны болушу керек. Мындай сунуш менен бул ирет президент Курманбек Бакиев чыккан. Өткөн аптада "Реформа үчүн" кыймылы бийликке кайрадан 10 талап, анын ичинде эң башкысы Конституциялык реформа талабын жолдогону форумдан кийин айтылган эле. Ага президент өзү катышкан эмес болчу. Өткөн аптадагы форум бийлик менен оппозициянын ортосундагы диалог орнотуу, 2-ноябрга белгиленген митингди алдын алуу үчүн өткөрүлгөн. Бирок соңунда катышуучулар форум өз максатына толук жетпегенин айтышты. Эмки тегерек стол качан жана кандай форматта өтөөрү жакынкы күндөрү белгилүү болот. "Реформа үчүн" кыймылы болсо өз тарабынан 2-ноябрга Жогорку бийликтин отставкасы талап кылынчу нааразылык акциясына даярданып жаткан кез. Аталган кыймылдын мүчөсү Болот Байкожоев сонку саясий окуялардын айланасында "Азаттык" менен ой-пикир бөлүштү.

- Сиздердин көз карашта алдыдагы тегерек стол эгер чын эле боло турган болсо кандай форматта өтүшү керек?

- Бул нерсе боюнча көп жылдан бери эле айтып келатабыз. Көптөн бери кандайдыр бир саясат оюн болуп эле чоюлуп атат. Быйыл үч жолу митинг болду, үч жолу тең отуруп сүйлөшөлү десек эле, бийлик качып, шылтоо таап атат. Эгерде ноябрда ушунун бары аткарылбаса, анда биз катуу чыгабыз. Бүгүнкү күнү кандай чыгуубузду Бакиев айтыш керек, кандай сүйлөшөбүз. Биз талаптарды койдук, бүгүнкү күндө ал боюнча биз эч нерсе уга элекпиз. Ал саясатчылардын баары сокур, ууру деп айтты. Ошондон кийин эмне деп айтса болот.

- Бийлик өз форматын сунуш кылышы мүмкүн. Кыргызстанда өкмөттү, азыркы президентти жактаган саясий күчтөр белгилүү. Ошондой сунуш кылса сиздер шартсыз эле барасыздары?

- Биз ага даярбыз. Биз айтып атабыз, көчөгө чыкпай, бул жерге отуруп сүйлөшөлү деп. Биз айтчубузду айтып бүттүк, алар чоюп, шылтоо таап атат. Биз керек болсо бүгүн деле даярбыз.

- Реформа үчүн кыймылынын саясий кеңеши ушул аптада чет элдик Кыргызстанда аккредитациядан өткөн чет өлкөлүк элчилер менен жолугат экен деген маалымат тарады. Бул жолугушуу эмне максатты көздөйт?

- Бул жөнүндө кабарым жок. Чет элдиктер бизге кандай жардам бере алабыз деген максат менен жүрүшөт. Ал эми биздин ички саясатка алар кийлигишпейт.

- 2-ноябрдагы митингге алдыдагы тегерек столго карабай даярдыктар жүрүүдөбү?

- Ооба.

- Сиздердин «Реформа үчүн» кыймылына кирген айрым өкүлдөр айтып жатат, кыймылдын катары көбөйдү деп. Муну сиз кандай нерселер менен түшүндүрө алар элеңиз?

- Биз штаб түздүк. Штабга бүт республикадан телефон чалып атышат, кээ бири Баткен, Алай, Нарындан баштап өзүбүздүн акчабызга келебиз. Бакиевди биз эмне үчүн шайладык эле деп атышат. Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдар көп экен. Ошон үчүн Бакиев унутпасын, бийликке кантип келгенин, бийликке ким койгонун. Мен келгенден баштап эле, президетке шайлангыча Конституциялык реформаны жазап берем деген эле. Эми бийликке келгенден кийин эле Акаевдин Конституциясы жагып калды, анан коркутуп баштады атам, өлтүрөм деп. Атсын, өлтүрсүн, анда кылмышкер болот.

- Демек сиздин айтымыңызда, “Реформа үчүн» кыймылынын катары иш чара, пропаганда жок эле өзүнөн-өзү эле көбөйүүдө?

- Гезиттерге маалымат кылдык, Азаттыктан айтып атабыз, эл угуп алып, өзүлөрү эле келип атат. Буларды эч ким колдобойт деп айтып атышат, 2-ноябрда көрсүн бизди колдойбу, же колдобойбу. Азыр миңдеген кишилер келип атат.

XS
SM
MD
LG