Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

“МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ” СЕЗОНДУ АЧАТ


Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры бүгүн “Манастын уулу Семетей” аттуу спектакли менен сексенинчи театралдык сезонун ачат.

Жалил Садыковдун эпикалык драмасынын негизинде сахналаштырылган бул спектаклди көзү тирүү кезинде белгилүү режиссер Жалил Абдыкадыров койгон. КРнын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев бул спектаклдин коюлганына бир топ жылдын жүзү болсо дагы, репертуардан түшпөй элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткандыгын айтат.

-Ушул убакка чейин репертуардан түшпөй келе жатышынын себеби бүгүнкү күндө чакырык кылып жаткан улуттук идеология мына ушуш спектаклде бар. Ошону менен бирге ички дүйнөбүздүн багытында коюлган спектакль десем жаңылышпайм.

Бул спектаклди артистер бир эле кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулабастан, Алматы, Москвага чейин гастролго чыгышкан. Оюнда башкы ролду алгач Мукамбет Токтобаев, Замир Сооронбаев ойношсо, учурда жаш актер Азис Мурадилаев аткарат. Бир эле театрда эмес кинотармагында да ийгиликтерди жараткан Азис Мурадилаев ойногон ролу туурасында мындай деди.

-Чынын айтканда башкы ролду ойноо мен үчүн бакыт. Кээ бир артистер ойлойт жеткиликтүү ойнодум деп, бирок баары бир түбүнө жетиш кыйын да. Же ашырып ойнойсуң, же болбосо калып каласың.

“Манастын уулу Семетей” спектакли бүгүн кечки саат алтыда башталат. Мындан сырткары Ян Теттердин “Дубал”, М.Байжиевдин “Узак сапардагы поезд”, Р.Оторбаевдин “Тагдыр”, А.Пароняндын “Багдасар аке” комедиясы көрсөтүлөт. Бул спектаклдерден кийин театрда оңдоо иштери башталат. Ал үчүн 10 млн сом бөлүнгөн. Мына ушул оңдоо иштерин бүткөрүп алып, келерки жылдын 27-мартында Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры 80 жылдык мааракесин белгилейт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG