Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:13

АМЕРИКА ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИН БИР ЖАРЫМ ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ ЧЫГАРЫП КЕТМЕКЧИ


АКШнын Ирактагы аскерлеринин башкы командачысы генерал Жорж Кэйси кеминде бир, бир жарым жылдын аралыгында Ирак аскерлери өлкөнүн коопсуздугун өздөрү камсыз кылууга жарап калаарын билдирди. Америкалык генерал бул билдирүүсүн АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад менен бирге Багдадда өткөргөн пресскоференцияда жасады.

24-октябрда Багдадда өткөн пресс-коференецияда генерал Жорж Кэйси Ирактагы абал татаал болуп кала берип жатканын мойнуна алды, ошону менен бирге эле ал өлкөдөгү кайра куруу процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн америкалык аскерлер душмандарга каршы тикесинен тик турушканын билдирди.

Акыркы убакта америкалык саясатчылардын бир даары, алардын катарында президент Жорж Буштун республикачылары да бар, америкалык аскерлердин Ирактан чыгарылып кетүүсүнүн так графигин жарыялоону талап кыла башташкандыгы белгилүү. Бир журналисттин ушул маселе боюнча берген суроосуна генерал Кэйси буларды айтты:

"Биз Ирактын коопсуздук күчтөрүн түзүү жана калыптандыруу процессинин кеминде 75 процентин бүтүрдүк. Бул үч баскычтуу процесс аягына чыгып, Ирак аскерлери коопсуздукту биздин бир аз көмөгүбүз менен өз алдынча камсыз кылууга толук жарап калаарына дагы бир, бир жарым жыл керек го деп ойлойм. Муну ирактыктардын өздөрүнөн суроо керек" ,- деди генерал.

Айрым америкалык саясатчылар, алардын катарында Ирак согушун бир кезде колдоп чыккандар да бар, Буш администрациясын Ирактагы абалды турукташыруу үчүн талаптагыдан аз аскер жибергендигин айтып, сындап жатышканы маалым. Мындай сын-пикирилерге кандай карайсыз, деген суроого генерал түз жооп берген жок. Ал тек гана Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн калыптануусу менен америкалык аскерлердин саны өлкөдө кыскартыла турганын билдирди.

"Ирак аскерлери калыптанып, жакшырып бараткан сайын, биз биз аларга жол бошотуп, аскерлерибизди четинен чыгарып кете баштообуз керек, деген ойдомун. Ирактын жетекчилиги өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти көбүрөөк сезип калды, алардын өлкөдөгү абалды өз алдынча көзөмөлдөөгө ниети бар. Ошон үчүн биз аскерлерибизди кыскартуубуз керек. Бирок анын качан боло турганын Орозо жана Айт майрамы бүткөнчө айта албайм", -деди генерал.

Багдадда өткөн прессконференцияда генерал Кэйси менен АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халлизад Ирактын кошуналары Иран менен Сирияны өлкөдөгү абалды турукташтыруу аракеттерине кедерги болуп жаткандыгы үчүн сынга алып, алар Ирактын гүлдөп-өсүп, тыкчтыктын жана демократиянын жолуна түшүүсүнө кедерги болуп жатышканын айтышты. Халилзаддын айтымында, андай күчтөрдүн максаты коомчулук ичинде Ирактагы абал оңолбойт, деген пикирди жаратуу.

Иракта акыркы убакта орун алган сектанттык кан төгүүлөргө шилтеме кылып, Халилзад мындай абал АКШ менен ирактыктар өлкөдөгү абалды турукташтыра алышабы деген суроолорду жаратып жатканын белгиледи.

"Менин түз айтаарым бул: бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатканыбызга карабастан Иракта ийгиликке жетишүү мүмкүн",- деди элчи.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG