Бул маселенин юридикалык негиздери талкууланып жатканын америкалык офицерлер курамы менен жолугушууда коргоо министринин орун басары Кубанычбек Орузбаев билдирди. Жолугушууда тараптар АКШ-Кыргызстан аскерий кызматташтыгы тууралуу сөз кылышты. Таанышуу сапары менен Пакистан, Ооганстан, Индия аркылуу Кыргызстанга келген америкалык офицерлер кечээ Бишкектен Катарга жөнөп кетишти. (BuS)