Сахаров атындагы сыйлык Европа парламенти тарабынан - атактуу советтик академик жана адам укуктарын коргоочу Андрей Сахаровдун урматына анын атынан аталып, 1985-жылы негизделген жана биринчи жолу 1988-жылы берилген. Сыйлык - жарандык эркиндиктер менен адам укуктарын коргоого өз өмүрүн жана бардык аракеттерин арнаган адамдарга же уюмдарга ыйгарылат.
Быйылкы сыйлык - Беларустун оппозиция жетекчиси Александар Милинкевичке берилмей болду, ал тууралуу чечим 26-октябрда кабыл алынды. Сыйлык быйыл декабрдын он үчүндө ыйгарылат, анын өлчөмү 50 миң евро.
Милинкевич 1947-жылы Беларустун Гродно шаарында туулган, кесиби боюнча физик. Студент кезинде баскетбол боюнча Беларустун чемпиону болгон. Гродно университетинде беш жыл иштегенден кийин Африканын Алжир мамлекетине барып, анын Сетиф шаарындагы университетинде физика кафедрасын башкарган. Андан соң Франциянын Монпелье шаарында, андан кийин АКШнын Калифорния университетинде иштеген.
1990-жылдарда Гродно шаарынын мэринин орун басары болуп шайланган жана менеджерлик кесипке ээ болуу үчүн Польша, Алмания, Улуу Британия жана Канада мамлекеттерине барып тажрыйба алмашып, иштеп келген. 2001-жылдан тартып саясатка аралаша баштаган жана президенттикке талапкер Семен Дормаштын шайлоо өнөктүгүн жетектеген.
2005-жылдын октябрында Беларус оппозициясы тарабынан президенттикке бирдиктүү талапкер болуп шайланган, бирок үстүбүздөгү жылдын мартында өткөрүлгөн шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенкого утулган. Анткен менен бардык көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, шайлоо эркин жана адилеттүү болгон эмес жана анын жыйынтыктары бурмаланган. Оппозиция бийликке каршы уюштурган митинг-демонстрациялар учурунда Милинкевич 15 күнгө камакка да алынган. Александр Владимирович азыр - Жергиликтүү өнүгүүгө көмөк көрсөтүү фондунда иштейт.
Ага Сахаров сыйлыгы ыйгарылгандыгы жөнүндө укканда, Милинкевич - аны менен Беларустун эркиндиги үчүн күрөшкөн миңдеген адам сыйланууда деп билдирди: "Ар бир адам үчүн мындай сыйлык алуу өтө жогору урмат, бирок мен чын дилимен ишенем, аны менен менин жеке аракеттерим эмес, быйыл жазында өткөн шайлоо өнөктүгү учурунда Беларустун намысын коргоп, анын эркиндиги үчүн күрөшкөн миңдеген адам сыйланып жатат. Беларустун демократиялык күчтөрү үчүн бул сыйлык эбегейсиз моралдык колдоо", - деп билдирди Милинкевич 26-октябрда.
Сыйлык негизделгенден кийин алгачкы жолу 1988-жылы Түштүк Африкалык саясатчы жана укук коргоочу, түрмөдө 21 жыл отуруп чыккандан кийин президент болуп шайланган Нельсон Манделага берилген. Кийин 1990-жылы Сахаров сыйлыгына Бирманын оппозиция жетекчиси Аун Сан Су Жи, 1994-жылы Бангладеш жазуучусу Таслима Насрин, 1998-жылы Косовонун президенти Ибрагим Ругова, ал эми 2004-жылы - Беларустун журналисттер уюму татыган.