Россиянын баш прокуратурасы Кыргызстандын бийлигинен эл аралык издөөдө жүргөн Борис Березовскийдин жакында Бишкекке келиши боюнча түшүндүрмө берүүнү суранды. Айрым маалыматтарга караганда, Березовский 29- июлда Бишкекте президент Бакиев менен жолугушкан. Бирок Бакиев өзү мындай маалыматты четке какты.