Эми Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалалабад аймактарындагы Би-Би-Си радиосун угармандар өзбек тилинде да уга алат. Бул тууралуу жаңылыктар кызматынын жетекчилиги Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында кабарлады. Радиодиапазонду кеңейтүү максатын көздөгөн долбоордун алкагында учурда алты станция курулууда. Долбоорду ишке ашырууга Кыргызстан тараптан Кыргызтелерадио агенттиги кол кабыш кылып жатат. (BuS)
10:00 Би-Би-Си корпорациясы Борбор Азия жана Кыргызстан аймагындагы өз уктурууларын кеңейтип жатат