Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

К.БАКИЕВ МӨӨНӨТҮНӨ ЖЕТПЕЙ КЕТЕБИ?


«Алас» гезити ушул суроого жооп издеп айрым жарандарга кайрылган. Депутат М.Эшимканов, «толук мүмкүн, бул кембагал бийликти начар пайдаланды», деп, «Биек карго» компания президенти Эмил Өмүракунов, «Бакиев азыркы кейпи менен өз мөөнөтүнө жетпейт, азыркы абал олку-солку болуп, элдин бийликке болгон үмүтүн суутту» деп, УТРК деректири Кыяс Молдокасымов, «Азырынча жалпы элде бийлик алмашсын деген каалоо жок. Эгер күч менен алмаштырууну каалашса 17-июнь гана кайталанышы мүмкүн» деп, жазуучу Казат Акматов, «булардын бири өлүп, бири калсын» деп, депутат Каныбек Иманалиев, «президенттик бийликтин аброю өтө төмөн түшүп кетти. Бразилия, Грузия президенттери да так ушул кейпти кийген» деп жооп беришти.

Өткөндө Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттарга сүйлөгөн сөзүндө президент К.Бакиев, «Эгерде менин жакындарымдын бир эле менчиктештирген обьектиси болсо же анда үлүшү бар деген документ көрсөтсөңөр, колуңарды кысып, ошол күндүн эртеси буйрук менен мамлекетке кайрыйм» деп айтканын мисал келтирген гезит минтип жазды: «Президент электр барону Балкыбековду эмне эле балапанындай коргойт десе, «Электрстанциялар» ААКга ортомчулук кылган СТК ОСООсу бир тууганы Жаныш Бакиевге таандык экен. Ширшовдуку деп жүргөн «Абигаль» фирмасы, Поповдуку деп жүргөн «Стихолдинг» фирмасы бюджетке ондогон миллион сом карыз.

Алардын ордун азыр «Бишкекэнергокомплекс» ОСОО деген баскан. Булардын бардыгы Максим Бакиевге таандык имиш», дейт «Алас». Ушул эле гезит президенттин уулунун бизнес өнөктөшү, Латвия жараны, Б.Березовскийдин жакын адамы В.Белекондун Кыргызстанга келип түшкөнүн кабарлап, бирок ал Жерүйгө келдиби же электр тармагына келдиби, же оппозициядан Бакиевди коргоо үчүн келдиби?» деген суроо таштаган.

«Айкын» гезити президентке караштуу адам укугун коргоо боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акунга, «Бакиев сунуш кыла турган Башмыйзамдын долбоору президенттик башкаруу болуп калсачы?» деп сураганда, «Президенттик башкаруу формасын киргизсе Бакиевге мен да каршы чыгам» деп жооп берген ал.

«Апта» гезити Басма сөз күнүнө беш күн калганын эскертүү менен Кыргызстандын айрым бир басылмаларын мындайча мүнөздөйт.

«Кыргыз туусу» эң аксакал гезит. Жашы 82де. Кезинде Майрам апчебиздин сүрөтүн чаптап, Акүй эмне десе ляппай деп бүгүлүп турчу эле, бүгүн деле «А»ны «Б»га алмаштырып, «Б»ны апендинин кызындай мактагандан тажай элек» деп, «Эркин тоо» гезити эгемендүү Эсенбай Калдаровдон бери эле чортомандардын эмес чоңдордун чоорун тарткан гезит» деп, «Агым» тапан гезит, эң өтүмдүү гезит, кожоюну илгери бейбечара эле, эми депутат, бирок бир таңгалыштуусу анда бир да түштүктүн кулуну жок» деп, «Жаңы ордо» тууралуу, анын башредактору Акаев заманынан бери эле Бакиевдердин акырынан жем жеп келаткан Бекен Назаралиев, өзүн эркин сезгени менен «Кыргыз туусун» элестетип турат» деп, «Кыргыз рухун» тээ илгери Султан палван Раев түптөгөн эле, бүгүн анын кожоюну башка бир Султан Урманаевге таандык деген сөз бар.

Баскан кадамы да, жазган каламы да дурус» деп, «Алас» Акүйгө караганда оппозиция тарапка ичи көбүрөөк эзилип турат, жаш болсо да жамы журтка жакшы таанылды, башредактору белгилүү обончу Түгөлбай Казаков» деп, «Аалам» гезити саясаттын сасык оюндарына кошула коем деп ойрон болгон гезит. Кожоюнун «кызыл көйнөк келиндер» сүйрөп кеттиби десек, Акүйдөгү ажонун алдында чиновниктик вазийпасын аткарып жатат» деп тамашалаган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG