АКШнын сенатору Джон Кэрри шайлоо алдында кампания учурунда айткан тамашасы үчүн америкалык аскерлерден кечирим сурады. Сенатор бир нече күн мурун студенттер менен болгон жолугушууда , эгерде алар сабакты жакшы окубаса, Иракта жүргөн аскерлердин катарына кошулаарын айткан. Шейшемби күнү президент Буш Керринин орунсуз тамашасы америкалык жоокерлерди кемсинтип жатканын айтып, кечирим суроого чакырган.