Ушул тапта КТРда түз эфирде бийлик менен оппозиция өкүлдөрү, депутаттар айтышып жатышат. Алардын катарында бийликтен мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, премьер министр Феликс Кулов, кыймылдан Жогорку Кеңештин депутаттары Азимбек Бекназаров, Каныбек Иманалиев, Султан Урманаев бар. Депутаттардын түз эфирге чыгышына алардын КТРге «Реформа үчүн» кыймылынын өкүлдөрү койгон кескин талаптар түрткү берди деп кабарлашты.