Жаңы Конституция үчүн добуш берүү Жогорку Кеңеште бир сааттан кийин болот. Конституциялык соттун төрагасы Чолпон Баекова парламент жыйынына келип, жаңы Конституцияны кабыл алуунун жол-жобосу Баш мыйзамда каралбаганын белгилеп, бирок азыркы өзгөчө кырдаалда депутаттар өздөрүнүн регламентине таянып бир чечим кабыл алса боло турганын билдирди.
01:30 Жогорку Кеңеш депутаттары жаңы конституцияны кабыл алуу үчүн уюштуруу жыйынын түзүштү