Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНСА АЛАТОО АЯНТЫНДАГЫ МИТИНГ ТАРАЙТ


Бүгүн Бишкектин Алатоо аянтында “Реформа үчүн” кыймылы уюштуруп жаткан нааразылык митинги кайрадан уланды. Ага бир нече миңдеген киши катышып жатат. Оппозиция Конституция бүгүн кабыл алынса эле митинг таркайт деп билдирүүдө.

Оппозиция лидерлери жана аларды колдогон депутаттар Жогорку Кеңеште каралып жаткан Башмыйзамдын долбоорунун аягына чыгуусун күтүшүүдө.

-Беш маселе боюнча биз бир пикирге келдик. Эң талаш-тартышты туудурган маселе—ЖК депутаттары боюнча болду. Биз 105 дегенбиз, президент тарап 75деген. Анан ортодон 90 депутат, 45 партиялык тизме менен, 45 бир мандаттуу система менен шайланып келет деп мына ушуга токтолдук. Калгандарында талаш болгон жок. Өкмөт жөнүндө маселе болду, биз “Реформа үчүн” кыймылы ушул Конституция бүгүн кабыл алынса, эртең отставкага кеттик дедик,-деди депутат Каныбек Иманалиев.

Бүгүн каралып жаткан Башмыйзам долбоорунда президент жана парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөгө укугу бар экендигин да К. Иманалиев айта кетти:

-Конституциянын эң акыркы беренесинде өткөөл мезгил тууралуу берене бар. Ага ылайык ушул Башмыйзам кабыл алынган күндөн тартып, бардык беренелер күчүнө кирет, эртеңден баштап иштей баштайт. Болгону эл президентти жана парламентти беш жылга шайлаган. Мындан башка парламент бүт сот органдарын белгилүү бир мөөнөткө шайлаган. Анын баары калат.

Каныбек Иманалиевдин сөзүн депутат Мелис Эшимканов төмөнкүдөй кошумчалар менен толуктады:

-Президент жаңы Конституция боюнча укуктарды бөлүштүрүүдө бир топ өзүнүн шарттарын айтты. Биз дээрлик бардыгына макул болдук. Алсак, райондук сотторду кызматка дайындоо укугун алайын, Конституцияга авторлош болоюн дептир, макул дедик. Мындан тышкары өкмөт мүчөлөрүн көрсөтүү укугуна да ээ болду. Президент бизге долбоорго саат үчтө кол коем деп сөз берген эле, бирок саат бештен өттү, эмгиче жок болууда.

Депутат Темир Сариев эгер бүгүн жаңы Конституция кабыл алынбаса, анда өлкөдө коркунучтуу кырдаал түзүлөт деп айтты:

-Эгерде бүгүн биз жаңы Конституцияны кабыл алып, майрам кылып майрамдап, анан элди таратып жибербесек, кечинде өтө кыйын кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн. Президент муну түшүнүшү керек.

Бүгүн эртен менен эски аянтка бийликти колдогон адамдар жөө жүрүш менен келип, митинг өткөрүштү. Буга карата “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнүн пикирин билдирип, бийликти колдогон митингге бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди мажбурлап апкелип жатат деген сөзүн айтты.

Ал эми бийликти колдогон митингдин катышуучуларын сөзгө тартканыбызда, алар эч кандай мажбурлоосуз эле, элдин тынчтыгы үчүн келгендигин айтышты:

-Менин аты-жөнүм Нурлан Абдужалилов, мен Баткен согушунун катышуучусумун. Биз Баткен жана Ооган согушунун ардагерлери согушту көргөнбүз, кан кечкенбиз, мындан эч кандай жакшылык болбосун жакшы билебиз. Ошондуктан, элди сабырдуулукка, тынчтыкка чакырып келдик.

Нааразылык митингин күндөгүдөй эле бүгүн дагы ыр-күүлөр коштоодо.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG