Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:18

ДЕМОКРАТТАРДЫН ЖЕҢИШИ


АКШда өткөөл шайлоодо оппозициядагы демократиялык партия конгресстин өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундарды утуп алды. Ал эми сенатта азыр эсеп теңелди: демократтарга республикачылар төрт мандатты тарттырып жиберишти. Сенатта кайсы тарап көпчүлүктү түзүп каларын Виржиния менен Монтанадагы добуштардын натыйжасы аныктайт. Бул эки штаттагы добуштардын санагында эки партиянын талапкери азырынча тең келатат.

Демократтар өкүлдөр палатасында республикачылардан дээрлик 20 мандат көп алышты. Эми алар 435 орундун 220дан ашуунун контролдошот. Республикачылар палатадагы он эки жылдык үстөмдүгүн жоготушту. Демократтардын палатадагы лидери Нэнси Полоси өз партиялаштарынын жеңишин америкалыктардын улуу жеңиши деп баалады. Эл өзгөрүштөр зарыл экенин жактап чыкты. Өлкөнү жаңы багытка бурсун үчүн шайлоочулар демократтарга добуш берди, деп белгиледи Полоси.

Демократтардын жеңиши жеке Полоси үчүн да жаңы бурулуш болмокчу. Полосини АКШнын тарыхында өкүлдөр палатасына спикерлик кылган биринчи аял болуп калат деп жатышат.

Демократтардын дагы бир көрүнүктүү өкүлү – сенатор Хиллари Клинтон да Нью-Йорк штатында республикачыл партиянын өкүлүн чоң артыкчылык менен утуп алды. Хилларини эки жылдан кийин боло турган президенттик шайлоодо демократтардын башкы талапкери болот айтып жүрүшөт. Сенаторлук мандат үчүн таймашта президент Буштун партиялаштары Огайодо, Род-Айлендде, Флорида менен Нью-Жерсиде да демократтарга утулду.

Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу демократтардын өкүлдөр палатасындагы жеңишин моюнга алып, алар менен эң маанилүү маселелерде,анын ичинде Ирактагы согушка байланыштуу проблемаларда ийиндешип иштегенге Буштун администрациясы даяр экенин ырастады.

Демократтардын өкүлдөрү губернаторлордун шайлоосунда да алдыда баратышат. Байкоочулардын көбү республикачыларды калктын колдоосунан ажыраткан негизги фактор деп азыркы администрациянын Ирактагы саясатын айтып жатышат. Эл аралык стратегиялык иликтөөлөр боюнча Лондондогу институттун эксперти Дана Эллин бу шайлоону президент Буштун администрациясы үчүн өзүнчө эле бир референдум болду деп эсептейт. Эгер демократтар сенатта да көпчүлүк орундарды алганга жетишсе,анда жакынкы аралыктагы АКШнын саясаты, Эллиндин айтымында, кыйла байистүү болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG