Өзбекстандын Кашкадарыя соту - райондук сот тарабынан 6-октябрда үч жарым жылга эркинен ажыратылууга кесилген укук коргоочу Йодгар Турлибековдун өкүмүн бекитти. "Узньюс нет" деген маалымат агенттиги кечээ күнү кабарлаганга караганда, Турлибековдун адвокаты да, анын туугандары дагы иш сотто каралаары жөнүндө кабар алган эмес. Турлибеков үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда камакка алынган жана бирөөнү опузалап, акча доолаган деп күнөөлөнгөн. Азыр ал кайсы абакта кармалганы белгисиз.